Бакыт Төрөбаев өз талапкерлигин Өмүрбек Бабановдун пайдасына алды

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабановдун пайдасына президенттик жарыштан өз талапкерлигин алгандыгын кабарлады.

Бул билдирүүнү саясатчы Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарынын жергиликтүү тургундары менен болгон жолугушууда айтты.

Бакыт Төрөбаев БШКга тийиштүү арыз жөнөткөнүн айтты.

"Эмне үчүн мен талапкерлигимди алдым? Анткени мен Өмүрбек Бабановду колдойм. Биз өлкө үчүн биригип, Кыргызстанды өнүктүрүүгө чогуу кадам таштадык. Коррупциядан тажаган жоксуңарбы? Балдарыңар билим алып, алардын келечеги үчүн болгон күчүңөрдү жумшаган соң, мамлекеттик жумуштарга орношууда пара берүүнү каалайсыңарбы? Же жакшы жашоо артынан алар чет өлкөгө жанын сабап иштеп кетсинби?" - деп кайрылды Бакыт Төрөбаев.

Анын айтымында, Өмүрбек Бабанов жаңы жашоо, олуттуу реформа, өнүккөн Кыргызстан үчүн күрөш жүргүзүүдө.

"Мен дагы кыргызстандыктар үчүн татыктуу жашоо каалайм. Азыр өлкөдө билимдин, медициналык тейлөөнүн сапаты төмөндөп, өлкө жумушсуздукка батып жаткан учуру. Ошондуктан келечек тууралуу ойлоп, эч кимден коркпостон татыктуу адамга добуш бергиле. Биз силер үчүн иштейбиз", - дейт ал.

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 06.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан