Белгилүү эстрада жана фольклор ырчысы, "Кыз-жигит сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы көз жумду. Маалыматты "Достор" тобунун солисти, Орозкул кызынын курбусу Жайнагүл Калчаева бүгүн, 6-октябрда тастыктады.
Анын айтымында, ырчынын денесин өлүкканадан алып кетүү үчүн барышкан. Маркумдун курбуларынын билдирүүсүнө ылайык, бүгүн эртең менен анын үйүнө "Тез жардам" кызматы келип кеткен.
Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
Жакында эле небере жытын искеген ырчы 2 кыздын энеси. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Ороскул кызы 2015-жылдан бери КТРКдагы "Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу болуп эмгектенип келген.
Эске салсак, аталган берүүнүн мурунку алып баруучусу Гүлзат Батырканова жол кырсыгынан 2015-жылдын 2-январь күнү каза болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Гүлбү Ороскул кызынын көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.