Мамкаттоо кызматы "эмне үчүн чет жердеги 1 миллиондой кыргыздын 18 миӊи гана шайлоодо добуш бере алат" деген суроого жооп берди

15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоодо чет жерден Кыргыздын 18 миӊ 580 жараны добуш бере алат. Бул расмий жарыяланган тизме. Мамлекеттик каттоо кызматы бүгүн, 6-октябрда журналисттерден көп суроолор түшүп жатканын, алар "эмне үчүн Кыргыздын чет жердеги миллиондой жаранынын 18 миӊи гана добуш берет" деген өӊдүү суроолорду берип жатканын маалымдап, түшүндүрмө берди.

"Баарынан мурда жарандар консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керек. Эгерде жаран биометрикалык маалыматтарын Кыргыз мамлекетинен тапшырган болсо, анда ал чет жердеги шайлоочулардын тизмесине кошулушу үчүн консулдук каттоого турушу шарт же "форма 2" толтурушу кажет. Бул процедурадан өткөндөр 18 580 адамды түздү", - деп билдирет мекеме.

2015-жылкы парламенттик шайлоодо чет өлкөлөрдөн Кыргыздын 15 312 жараны добуш берүүгө укуктуу болгону айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан