Чүйдө жүк ташыган унаа менен жол тандабас сүзүшүп, 2 адам катуу жаракат алды (фото)

Чүй облусунда жүк ташыган унаа менен жол тандабас сүзүшүп, 2 адам катуу жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда окуянын күбөсү SUPER.KG`ге билдирди.

Анын айтымында, окуя бүгүн, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө болгон.

"Жүк ташыган унаа катуу келгендиктен Тойота Прадо үлгүсүндөгү жол тандабасты жолдун четине 10-15 метрдей сүйрөп, жолдон электр мамысын да сүзүп кулатып кеткен. Тойота Прадонун ичинен катуу жаракат алган эки адамды "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери алып чыгып карашууда. Жабырлануучулар катуу жаракат алышкан", - дейт күбө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
TazaKyrgyz
2017-10-07 10:01:15
Кечирип койгула башка тема боюнча жазып атам Гулбубу Орозкул кызынын тажыясы кайда качан болоорун билип бериниздерчи эл менен коштошуу болобу алдын ала рахмат
+1
TazaKyrgyz
2017-10-07 10:55:49
TazaKyrgyz,чооон рахмат супер инфо
0
Кызжибек Раимова
2017-10-07 11:06:44
TazaKyrgyz, http://www.super.kg/kabar/news/204611/ бул шилтемеден окуңуз.
0
kechirmeni
2017-10-07 10:09:02
лексуста Темир Джумакадыров бар экен каза болуптур дейт го урматтуу админ
+3
Alixan-Nookat.2015
2017-10-07 11:53:49
Темир Джумакадыров жаш мыкты адис болчу жаткан жериниз жайлуу болсун топурагыныз торко болсун! Супер инфодо берген маегин коруп абдан жонокой киши экенине суктанган элем
+3
kyrgyz.kg83
2017-10-07 12:14:44
Бул авария атайын уйуштурулгандай.астындагы еко жабыркасада артындагы адам соо калмактай.шайлоонун шайтан ойунундарын емеспикен
-3
Jyrgal_msk
2017-10-07 12:59:03
Жук ташыган унаа прицеби менен каттуу ылдамдыкта келе жатканына шегим бар.
+3
Karban86
2017-10-07 19:52:03
Жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына Сабыр тилейм. Атайын уюшулган нерсе эмеспи?, суротту карасанар арткы орундуктагы адам тируу калуусу толук мумкун.
0
Han1
2017-10-07 23:35:15
Karban86,+болчу -басылып кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан