Бүгүн, 7-октябрда Чүй облусунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгына кабылып каза болду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, унаада анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочу болгон. Алар экөө тең оор жаракаттан улам каза болушту.
Өкмөттүн маалыматы боюнча, окуя бүгүн, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Темир Жумакадыровдун, анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиевдин жана айдоочусунун көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.