Алмазбек Атамбаев: "Эгер Темир Жумакадыровдой көзүм өтүп кетпесе, Бакиевдин мезгилин кайтаргысы келгендердин баары менен эсептешем!"

Шайлоону уюштуруу боюнча штабды жетектеп жаткан вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Таластагы шайлоого даярдыктар менен таанышуу үчүн иш сапары менен бара жатып жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-октябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде маалымдады.

"Жумакадыров Темир Курмангазиевич өзүм саясатка тарбиялаган, үйрөткөн үлгүлүү кадрлардын бири болчу. Ал болгону 38 жаш куракта эле. Бул адамды мен келечекте өлкөнүн башкаруучуларынын бири катары көрчүмүн", - деди президент.

"Шайлоого чейин бир жума калды. "Бийлик таза эмес шайлоо өткөргөнү жатат" деген көп ушактар айтылып жатат. Шайлоону таза өткөрөм деп менин көп тарапташтарым жабыркашты, айрымдар каза болушту. Эгер мен Темир Курмангазиевичтей көзүм өтүп кетпесе, мен Бакиевдин мезгилин кайтаргысы келгендердин ар бири менен эсептешем! 1-декабрга чейин баарын тазалайм. Мен кайтам, алар кайтпайт", - деп кошумчалады Атамбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-октябрда эртең менен Чүй облусунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров жол кырсыгына кабылып каза болду. Унаада анын жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочу болгон. Алар экөө тең оор жаракаттан улам каза болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан