Бүгүн БШК Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча маселени карайт

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 7-октябрда өтө турган жыйынында Бакыт Төрөбаевдин президенттикке талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча маселени карайт. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 6-октябрда президенттик жарышка катышып жаткан талапкерлердин бири Бакыт Төрөбаев Кочкор-Ата шаарында эл алдында шайлоого катышуудан баш тартарын жарыялаган болчу.

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катыша турган 13 талапкерди каттаган. Буга чейин шайлоого катышуу үчүн аттангандардын ичинен талапкер Камчыбек Ташиев жарыштан баш тартуу боюнча арыз жазып, БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан