ИИМ: "Вице-премьер Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду"

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов кабарлады.

Маалым болгондой, учурда кырсыктын себептерин аныктоо үчүн экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды. Сейитовдун айтымында, Жумакадыров бараткан Тойота Прадо унаасы Бишкектен Кара-Балтаны көздөй бара жатканда анын унаасын Бишкекти көздөй келе жаткан КамАЗ сүзгөн. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, Жумакадыров Таласка иш сапары менен бара жаткан.

Эскерте кетсек, бүгүн, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.

Т.Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
KGstan1981
2017-10-07 12:26:58
Атамбаев Жумакадыровтун жакындарына конул айтыштын ордуна.Аны саясатка аралыштырып Бакиевтерди кунолоп причем тут Бакиевтер тушунбодум.Жол кырсыгынан Кыргызстанда кунуно адамдар олуп жатса андан коро койгула деп бийликтегилер жол коопсуздугун кучойтушпойбу,жолдорду ондошпойбу.
+11
KDM.Asylbek
2017-10-08 00:32:23
KGstan1981,
+ Басайын дегем - басылып кетти
0
erkeleim
2017-10-07 12:45:28
Камаз сол жакта оз жолунда турат премьердин машинасы озу келип сузгондой бул жерде не
+7
Syn4y
2017-10-07 13:09:58
erkeleim,kamazdyn oz jolu on jak bolot
+5
Kroxa
2017-10-07 13:16:54
камаз ушунча катуу журооруно ишениш кыйын бул жерде экоо тен катуу келе жаткан окшойт...
+6
basyz-kaman
2017-10-07 14:10:24
Т.Жумакадыров жакшы инсан эле, үй-бүлөөсүнө сабр тилейм. МАИнин коштоосунда жүрсө болмок экен.
+5
asanova1984aida
2017-10-07 14:27:55
Эх кайран гана кулгун жаш омур.Падыша бол,Кайырчы бол баарыбир-олум учун бирдей сенин катарын деген ушул турбайбы.
+5
bazar
2017-10-07 15:36:51
Кайран гана "Прадо"... Машинага жалка...
-6
Aijana121197
2017-10-07 17:17:08
Кыргызга кандай иштерди кылды эле
-3
meni_kut
2017-10-07 17:35:04
Aijana121197,кайсы кыргызга?
0
Aijana121197
2017-10-07 18:37:16
meni_kut,бизге кыргыз элибизге козго корунгон, кандай жардамдарды, кандай жумуштарды аткарды эле, ким билет
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан