Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкерлердин катарынан чыкты

Бүгүн, 7-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик жарышка аттанган талапкерлердин бири Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жокко чыгаруу боюнча маселени карап, анын арызын канааттандырды.

Бакыт Төрөбаев өзүнүн каттоосун жокко чыгаруу боюнча БШКга 6-октябрь күнү арыз жазган.

Белгилей кетсек, 3-августта Борбордук шайлоо комиссиясы Б.Төрөбаевди талапкер кылып каттаган болчу. Учурда 13 талапкердин экөөсү шайлоого катышуудан баш тартты. БШК билдиргендей, шайлоого катышуудан баш тарткан талапкерлердин аттары бюллетенден калем сап менен чийилет.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан