ЖЫЛНААМА, 7-ОКТЯБРЬ: Орусиянын президенти 65 жашка толду. Владимир Путин тууралуу кызыктуу фактылар

Орусиянын эл башчысы Владимир Путин бүгүн 65 жашка чыкты. Ал 1952-жылы 7-октябрда Ленинградда төрөлгөн. 1975-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин эл аралык бөлүмүнүн юридикалык факультетин аяктаган.

Ошол эле жылы СССРдин Улуттук коопсуздук кызматына кирген. 1999-жылы 31-декабрда Орусиянын ошол кездеги президенти Борис Ельцин калкка Жаңы жылдык кайрылуусунда кызматынан кетерин жана өз ордуна Владимир Путинди ылайык көрө тургандыгын айткан.

2000-жылы 26-мартта Путин шайлоочулардын 53 пайыз добушу менен Орусиянын президенти болуп шайланган. Ал эми 2004-жылы 14-мартта экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген. 2012-жылы 4-мартта Орусияда президенттик шайлоо өтүп, Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Орусиянын өлкө башчысы тууралуу кызыктуу фактылар:

1. Владимир Владимирович көп учурда кечигет. Чектелүү чөйрөдө президентти эч качан кечикпейт деп тамашалап коюшат. Анткени кайсы иш-чара болбосун баары бир президент келгенде гана башталат.


2. Классикалык музыканы жакшы көрөт. Узак жолго чыкканда дайыма классикалык музыка угат. Мындан сырткары Григорий Лепстин ырларын угуп калат.

3.Бир дагы социалдык тармакка катталган эмес. Дүйнө жүзүндө болуп жаткан жаңылыктар менен жардамчылары тарабынан иргелип, даярдалган материалдар аркылуу таанышат.

4.18 жашында дзюдо боюнча алгачкы кара курун алган.

5.Чоң атасы Владимир Ильич Лениндин ашпозчусу болгон.

6.Экономика боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган.

7. Эки кыздын атасы, кыздары тууралуу маалымат жок. Көпчүлүктүн айтымында, алар башка фамилия жана ат менен билим алышат.

8. Жаныбарларды жана саякаттоону жакшы көрөт. Президенттин иттери, эчки жана пониси бир.

9. Англис жана немис тилдеринде эркин сүйлөт, саатты дайыма оң колго тагынат.

10. Путин жөнүндө 12 кино тартылган алар: "Неизвестный Путин", "Товарищ президента", "Система Путина", "55", "Стена", "Путин, Россия, Запад", "Мост над бездной" жана башка.

11. Анатолий Собчак менен иштешип жүргөн маалда көп учурда кочкул сары түстөгү костюм жана "Адидас" фирмасынын спорттук шымын кийип жүргөн.

7-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан