Ырчы Гүлбү Ороскул кызы ичине кан толуп каза болгон. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Ороскул кызы алып барган "Кыз жигит сармерден" телеберүүсүнүн режиссёру Сагын Ниязалиева билдирди.
Анын айтымында, медициналык экспертизанын алдын ала берилген жыйынтыктары боюнча ырчынын өлүмүнө ашказан оорусу себеп болуп, ичине кан толуп кеткен.
"Азыркы тапта Гүлбүнүн денесин үйүнө алып келишти, жүргүзүлгөн экспертизанын алдын ала айтылган жыйынтыктарына ылайык ырчынын ичине кан куюлуп кеткен. Бизге "внутреннее кровоизлияние" деп айтышты", - дейт режиссёр.
Адистердин айтымында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн дагы убакыт талап кылынат.
Эске салсак, эстрада жана фольклор ырчысы кечээ, 6-октябрда көз жумду. Ал эртең менен ооругандыгына байланыштуу "Тез жардам" кызматы чакырылган. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин "Тез жардам" кетип, ырчы үйүндө калган. Бирок саат 14:00дөр чамасында ырчы өзүн дагы жаман сезип, кайрадан "Тез жардам" чакыртылган. "Тез жардам" кызматы келгенге чейин Ороскул кызы дүйнөдөн кайткан. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 8-октябрда Бишкек шаарындагы Беш-Күнгөй айылында өтөт.
Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
Жакында эле небере жытын искеген ырчы 2 кыздын энеси. Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Ороскул кызы 2015-жылдан бери КТРКдагы "Кыз-жигит сармерден" берүүсүнүн алып баруучусу болуп эмгектенип келген.