Темир Жумакадыровдун сөөгү качан жана кайсы жерге бериле турганы белгилүү болду

Маркум Темир Жумакадыровдун сөөгү дүйшөмбү күнү, 9-октябрда жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өкмөттүн басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлнара Төралиева кабарлады.

Маалым болгондой, маркум менен коштошуу зыйнаты эртең мененки саат 9:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өтөт. Андан кийин маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Айта кетсек, бүгүн, 7-октябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу Талас облусуна иш сапары менен бара жатып, Бишкек-Кара-Балта унаа жолунда жол кырсыгына кабылып каза болушкан. Жумакадыров ушул жылдын 4-августунда 38 жашка толгон. Маркумдун артында 3 кызы калды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
surgeon777
2017-10-07 19:17:17
Темир Курмангазиевич,жаткан жериниз жайлуу,топурагыныз торко болсун,жигиттин гулу,жапжаш кетти,аттин....
+7
AzKumFerDan
2017-10-08 02:41:09
Кырсык каш кабактын ортосунда дегени чында жайы бейиш болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан