Өмүрбек Бабанов Темир Жумакадыровдун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабанов биринчи вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун кайтыш болгонуна байланыштуу көңүл айтты. “Темир Жумакадыровдун каза болгону тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ал эң келечектүү, адилеттүү жана иш билги саясатчылардын бири эле. Темир Курмангазиевичтин туугандары, жакындары жана Кыргызстандын элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун!” – деди Өмүрбек Бабанов.

Агитациялык кампаниянын алкагында пландалган Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарынын тургундары менен жолугушуусун Өмүрбек Бабанов Темир Жумакадыровдун элесине бир мүнөткө үн чыгарбай, аза күтүү менен баштады.

Эске салсак, бүгүн биринчи вице-премьер Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы бара жаткан автомобиль Бишкек – Кара-Балта жолунда жүк ташуучу унаа менен кагышкан.

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 07.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан