Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарындагы Беш-Күңгөй айылында ырчы Гүлбү Ороскул кызын акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Ырчы 6-октябрь күнү 40 жашында дүйнө салган. Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча Гүлбү Ороскул кызынын ашказан оорусунан улам ичине кан толуп каза болгон.
Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ырчынын артында эки кызы калды.