Ырчы Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди

Кырчындай 40 жаш курагында дүйнө салган ажарлуу, булбул үндүү ырчы Гүлбү Ороскул кызын бүгүн, 8-октябрда Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Андан кийин маркумдун сөөгү Чоң-Арык айылындагы көрүстөнгө маркум Элмира Кайып кызынын жанына коюлду. Ырчы менен коштошууга жакын туугандары, өнөр адамдары келип сөз сүйлөштү.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырова Гүлбү Ороскул кызы сулуулуктун символу экенин белгиледи. "Кайың ыйлап, тал ыйлап, карап турган баары ыйлап" дегендей эки күндөн бери бүтүндөй кыргыз эли ыйлап жатат. Гүлбү өзү жаркырап турганы менен тагдырын да, талантын да ичине салып, бышырып андан кийин сыртына чыгарган айжаркын кыз эле. Гүлбү сулуулуктун символу болчу. Өлө турган кыз эмес элең, "ажал улук" деп бекеринен айтылбайт экен. Кош Гүлбү, жаткан жайың жаннаттан болсун", - деди Мамырова.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Шахра Талипова Гүлбү Ороскул кызынын мезгилсиз дүйнөдөн кайтыш болгону өз кызы Гүлзат Батыркановадан кийинки чоң жоготууга учурап жатканын айтты.

"Гүлбү менин кызым Гүлзаттан кийинки кызымдай болуп, мага канат, бутак болуп жүрчү. Төрт тарабы төп келишкен кыз эле. Иш десе ишке, оюн десе оюнга тойбой турган убагында арабыздан кетти. Мен үчүн бул өтө чоң кайгы", - деп мукактанды Шахра Талипова.

Ырчынын кызы Айзуура Иманалиева: "Апабыз сиңдим экөөбүздүн колубуздан узады. Кыздарымдын жанында болоюн деди окшойт да. Апабыздын элеси ар дайым жүрөгүбүздө болот. Анын аткарылбай калган иштерин өмүрүмдүн акырына чейин болсо да аягына чыгарам. Ал ар дайым адал эмгектенди. Бизге да "арам эмес, адал жол менен иш кылгыла" дечү. Ал эч кимге жамандык каалабаган адам эле. Акыркы сөзүн айтып жатып да "Кыргыз элим, бири-бирибизге жаман санашпайлы, кең пейил бололу" деди.

Апа, сенин эки кызың күчтүү кыздар. Болгону сахна бош калды. Апа, жаткан жайың жайлуу, топурагың торко болсун", - деп апасы менен коштошту.

Айта кетсек, Гүлбү Ороскул кызы 6-октябрь күнү 40 жашында дүйнө салган. Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча ырчынын ашказан оорусунан улам ичине кан толуп каза болгону маалымдалган.

Гүлбү Ороскул кызы Аксы районунун Авлетим айылында 1976-жылы 1-ноябрда туулган. М.Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Ырчынын артында эки кызы калды.

Гүлбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
DYIKANBAI MEDERBEKOV
2017-10-08 16:07:58
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
+4
almazbei
2017-10-08 16:12:03
Жайын жаннатан болсун!
+4
kyrgyzka96
2017-10-08 18:29:30
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Эки кундон бери угуп алып жаман болуп журдум эле. Бугун видеосун коруп алып ыйымды токтото албадым. Кыздарына сабыр тилейм. Гулбу эжеге бейиштен оорун бере корсун аллахым!
+4
madina.87
2017-10-08 18:49:20
Ыйымды токтото албай ыйлап турам.
Кош Гулбу эже,сенин унуно ,сулуулугуна суктанып буто алчу эмесмин(((((((
Бейиштин эшиги ардайым ачык болсун сизге.

Элмирбек Иманалиев корунбойтго,кыздарынын башынан кучактап,кайгысын тен болушуп,аялына топурак салса болмок аттин!!!
+8
Ense1705
2017-10-08 19:04:57
Эльмирбек Иманалиев барбаптырбы,кыйын кундо калган кыздарына кайрат айтып башында турбаптыр да
+8
dina
2017-10-08 19:58:54
Кызы эми тороп тыный электе жаман болду((( бейиши болсун
+4
gulmi
2017-10-08 20:32:25
Уккан адамдардын баардыгы эле "жаман болуп жатам"дешуудо.Эже жылмаюсу,ажары менен ушунча элдин журогунон оорун алыптыр.Бутундой кыргыз элинин "жайын жанаттан берсин"деген созун Жаратканым кабыл алсын.Жараткан мээримдуу,кечиримдуу зат.
+6
dinar-87
2017-10-09 01:16:59
Булардын олумундо Бир себеп бардай Оз ажалы менен олгонуно ишенбейм.Атайын эле бироо жасадыбы деймда жакшынале жургон адамдар олуп калышы мумкун эмес.
0
dinar-87
2017-10-09 01:18:16
Ичи куйсо уу ичирип койдубу деп да ойлоп кетем билбейм дагы.
+1
Nora
2017-10-09 02:51:52
jaiy jannatan bolsun! ishene albai turam, jap jash sup suluuu adamdar da duino salganyna, Sarmerden ХХХХ, emmi kim alyp baruuchuluktu moinuna alat eken aa, ech kim ishtebei koiboso ele .
0
orozobekov
2017-10-09 11:25:22
Жаткан жери жайлуу болуп, топурагы торко болсун. Аллахым бейиштин торунон орун берсин!
0
kuzia
2017-10-09 12:15:51
Ыйладым чынын айтсам Аллахым билип билбей кылган куноолорун кечирсин, кабыр забыннан сактасын.
0
mishonia8077
2017-10-09 15:31:10
Элмирбек ХХХ келип койсо болмок.Супер инфо келдиби Элмирбек
0
Cinderella
2017-10-09 15:59:49
mishonia8077, келди, мен кордум
+1
mishonia8077
2017-10-09 15:31:26
Ыйманы саламат болсун
0
maksatbekova
2017-10-09 16:25:36
Элмирбек ага барып кыздары учун ,мурунку жубайы учун мунканып сыздап отурат деп С.Бейшекеев айтты .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан