SUPER.KG порталындагы сурамжылоо аяктады: Алдыда Бабанов-Төрөбаев тандеми

SUPER.KG порталында "15-октябрда президенттик шайлоодо кимге добуш бересиз?" деген сурамжылоонун соӊку айлампасы жыйынтыкталды. Сурамжылоо 3-октябрда старт алып, 1 аптага созулду.

Сурамжылоонун жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:
1. Өмүрбек Бабанов & Бакыт Төрөбаев тандеми - 46,5 пайыз;
2. Адахан Мадумаров - 34,1 пайыз;
3. Сооронбай Жээнбеков - 10,6 пайыз;
4. Улукбек Кочкоров - 5,3 пайыз;
5. Темир Сариев - 2 пайыз;
6. Баарына каршы - 0,5 пайыз;
7. Азимбек Бекназаров - 0,4 пайыз;
8. Таалатбек Масадыков - 0,3 пайыз;
9. Арсланбек Малиев - 0,1 пайыз;
10. Эрнис Зарлыков - 0,1 пайыз;
11. Арстанбек Абдылдаев - 0,1 пайыз;
12. Токтайым Үмөталиева - 0,1 пайыз;

Маалымат үчүн: Онлайн добуш берүү SUPER.KG порталында 3-9-октябрь аралыгында жүргүзүлгөн. Онлайн добуш берүүгө Кыргыз өлкөсүндөгү "Мегаком", "Билайн", "О!" уюлдук операторлорунун абоненттери гана катышкан. Онлайн добуш берүүгө жогоруда аталган мобилдик кызмат көрсөтүүчү компаниялардын 4861 абоненти катышкан. Добуш берүүнү каалагандар мобилдик номерлерине жөнөтүлгөн 6 орундуу СМС-код аркылуу анонимдүү түрдө добуш беришкен. Сайттын колдонуучулары тууралуу кеңири маалымат шилтемеде көрсөтүлгөн.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан