Президент: "Темир Жумакадыров асмандагы жылдыз эле, эми аны кара булут жаап калды"

Бүгүн, 9-октябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болду. Анын жүрүшүндө өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Темир Жумакадыров келечекте өлкөнү башкара тургандардын бири эле", - деди.

"Темирди көргөндө эле анын башкача бала экенин билдим. Темирдин акылы, көрөгөчтүгү, тазалыгы мен мына 61ден аштым мындай жигиттер Кыргызда, дүйнөдө аз. Коррупцияда күрөшүүдө, систем түзүүдө, аскердик кызматты, күч түзүмдөрдү реформалоодо, мамлекеттин коопсуздугун чыңдоодо мага оң кол болуп берди. Келип мага сүйүнүчүн да айтчу. Кыргызда таза коом, таза шайлоо болсун деп бүт өмүрүн эл үчүн берди. Урматтуу мекендештер, бүгүн биз үмүт артып жүргөн адамдан айрылып жатабыз. Ал келечектеги мамлекеттин лидерлеринин бири болмок. Ал өлкө үчүн көп иштерди жасады. Мен аны менен кеңешип турар элем. Вице-премьерликке кетип жатканда ага сен кийин өлкөнү башкара тургандардансың дегем. Темир асманда жанган жылдыздай эле. Аны кара булут жаап калды. Жанып турган жылдыздын изи жүрөгүбүздө сакталат", - деди президент.

Андан соң Темир Жумакадыровдун агасы Турдубек Абдырахманов сөз сүйлөп мамлекеттик кызматта болбосо да инисинин тирүү жүргөнү маанилүү болгонун айтып көзүнө жаш алды.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Темир Жумакадыровдун аткарган иштери кийинки муунга үлгү болуп каларын белгиледи. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты жыйынтыкталды. Жумакадыровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Kojosh80
2017-10-09 10:47:53
Арты кайырлуу болсун
+1
gulnur.narmatova
2017-10-09 11:00:39
Арты кайырлуу болсун жакындарына сабыр
+2
kelemdedin
2017-10-09 12:56:02
Кайсы олкодо адилетсиздик куч алса, ошол элде коп кан тогулот деп айтылат хадисте. Кыргызстандын учурдагы абалы дал ушундай.
+6
Dj_NEWANS
2017-10-11 08:57:18
kelemdedin,туура айтасың биртууганым азыр акча акча жана акча деп калышты жепжутарлар.
0
Fidel
2017-10-09 13:51:46
Атамбаев байкеге Калпак жетпей калдыбы? Же уялабы соксоюп жалан баш журот, кичине арбакты сыйлап калпак кийип койсо жакшы болмок, ушундайда кийбеген качан кийет?!
+2
ryslife888
2017-10-09 14:53:22
Президенттин кейигени, Жан дили менен ыйлап жатканын корбой, сезбей жатасынарбы?!Ажобуз колпак кийет, балким куйутунон унутуп калгандыр. А жанындагылар айтуудан батыналбагандыр. Темир мырзанын жаткан жери жайлуу болсун. Жакындарына конул айтам.
+4
bakulya2015
2017-10-09 15:17:28
Жаткан жери жайлуу болсун. Эмнеге Атамбаев баш кийим кийген эмес.
+2
energy
2017-10-09 15:18:29
Урматтуу бийлик окулдору бугун бар эртен жок.Байлык.бийлик баары калды.Фактты кордунор бул дуйнодон баарыбыз эртеби кечпи отобуз.Андыктан келгиле эл учун да куйуп иштегиле.Талап тономойду токтотуп!
+3
molorbaev
2017-10-09 15:58:39
Чындап окунорлук кырсык болду. Жумакадыров мыкты жетекчилерден болгон. Президенттин окунгонундой бар. Мыкты кадр болгон. Тируусундо эле муну белгилеп айтышчу.
+5
tatynam_88
2017-10-09 19:25:16
Калпаксыз уят да.жалгыз ажо баш кийимсиз турса.бектер кетет бел калат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан