Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгындагы КамАЗдын айдоочусу 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгынан кийин айдоочунун канында алкоголдун бар же жоктугу текшерилип, алдын ала жыйынтыкта канында эч нерсе табылган эмес. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы 10 күндөн соң белгилүү болот.
Эске салсак, 7-октябрь күнү эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Москва районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон. Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголгон эле.
КамАЗдын айдоочусу Чүй облусунун Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон.