Темир Жумакадыровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Бүгүн, 9-октябрда вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп, анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди. Маркумга багышталып куран окулуп, гүлчамбар коюлду. Ал жерге өкмөт өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер барышты.

Эске салсак, 7-октябрда 38 жаш курагында Талас облусуна кезектеги кызматтык иш сапары менен бара жатканда жол кырсыгынан улам Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Темир Жумакадыров каза болгон. Аны менен кошо жардамчысы жана айдоочусу каза болушкан. Маркумдун артында 3 кызы калды.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nurdinova
2017-10-09 11:02:38
Жаткан жери жайлуу болсун Аллахым бейиштен орун берсин
+3
Makain
2017-10-09 11:04:55
Жаткан жерин жайлуу топурагын торко болсун.
+4
orozobekov
2017-10-09 11:14:40
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
+4
kelemdedin
2017-10-09 12:35:53
Кабыр азабынан сактасын, суроо-жообун женил кылсын Аллахым.
+4
Fidel
2017-10-09 13:42:37
Жайында жанатта болсун! Тууган уругуна терен кайгыруу менен конул айтам!аябай сурдуу чынчыл киши болчу!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан