Алдынкы мобилдик оператор активдүү интернет колдонуучуларга жагымдуу бонустарды тартуулайт. Эми «Чектөөсүз 4G» тарифине 60 күнгө кошулууда 4G Wi-Fi WINGLE акысыз берилет!
Саркеч жана жыйнактуу 4G Wingle түзмөгү Wi-Fi аркылуу бир убакта 10 түзмөккө чейин интернет тарата алат. Ал эми LTE cat4 колдоосу 150 Мбит секундасына чейинки ылдамдыкты камсыздайт. Ошондой эле Wingle түзмөгү USB-кубаттандыруучудан иштейт, мындай артыкчылык алыска чыкканда жана иш сапарында абдан керектүү: түзмөктү Power Bank кубаттандыруучусуна кошуп, онлайнда болууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми Huawei HiLink мобилдик колдонмосунун жардамы менен түзмөктүн тууралоосун мобилдик телефонуңуздун экранынан Wi-Fi аркылуу башкара аласыз!
Ыңгайлуу сунушту колдон чыгарбай 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагында жайгашкан Сатуу жана тейлөө борборлорунун же Фирмалык салондорунун бирине кайрылып, заманбап 4G Wi-Fi Wingle түзмөгүн алыңыз. «Чектөөсүз 4G» тарифине 60 күнгө кошулуу наркы 2580 сомдун ордуна болгону 2200 сомду түзөт.
4G Wi-Fi Wingle түзмөгүнүн саны чектелген. Акция жана аны өткөрүү мөөнөтү тууралуу толук маалымат MegaCom компаниясынын расмий сайтында берилген.
MegaCom 4G LTE түйүнү менен чыныгы ылдамдыкты сез!