Бабанов: "Кыргызстандагы жолдордун баасы немистердин жолуна барабар, бирок Германиядагы жолдордун иштөө мөөнөтү 6 эсе узагыраак"

"Өлкөдөгү жолдордун абалы тууралуу маалымат согуш талаасынан алынган билдирүүлөргө окшош. Кыргызстан жол кырсыктарында кайтыш болгондордун саны боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири бойдон калууда. Жолдордун абалы коопсуздук талаптарына гана эмес, өсүп жаткан логистикалык талаптарга дагы такыр жооп бербейт”, - деди президенттике талапкер Өмүрбек Бабанов.

“Биринчи кар менен бирге эле өлкөдөгү жолдордун көбү иштен чыгат, жеңил, жүк ташуучу транспорттор дагы жүрө албай калат. Жакында эле Тогуз-Торо районундагы Жалал-Абад – Казарман трассасы түшкөн кардын айынан жабылган, Чүй облусундагы Жайыл району аба ырайынан улам жүк ташуучу унаалардын кыймылы кыйындаган. Биз совет маалынан бери баарына аба ырайын күнөөлөп көнүп калганбыз. Бирок Канада, Финляндия, Швеция сыяктуу түндүктө жайгашкан жана кардуу мамлекеттерде сууктун түшүшү менен жол кыймылы токтоп калбайт. Демек, себеп башкада экен да. Биздин жолдор бул байыртадан бери келе жаткан коррупциялык схема, ал акчаны өз чөнтөгүнө салгандардын катарында жөнөкөй аткаминерлерден тарта оңдоп-түзөө, курулуш иштерине жооптуулар, курулуш уюмдар дагы бар”, - деп белгиледи Өмүрбек Бабанов.

Саясатчынын айтымында, жол трафиги, унаалардын көптүгү, жолдордун эскилигинин жеткендиги, майнапсыз мамлекеттик жол курулуштары жана оңдоп-түзөөлөр, туура эмес шаар куруу жана логистикалык чечимдер коррупциянын күчөшүнө алып келип, жол маселелеринин чечилишине элдин үмүтүн үзүп койду.

“Биздин жолдор дагы эле 1962-жылдагы советтик стандарттар менен курулат. Бул деген абсурд. Азыркы күндө жол системасынын 80 пайызы эскирип, оңдоп-түзөөгө муктаж. Жыл сайын биз 200 чакырым жолдун жарамдуулугун жоготобуз. Биздин тышкы карыздын үчтөн бир бөлүгү жол курулуш иштерине кетет. Жалпы сумма 1 миллиард 254 миллион долларды түзөт, бул ички дүң продукциянын бирден беш бөлүгүн түзөт. Белгилей кетейин, бул 1200 чакырымга гана корогон сумма, ал жол республикадагы жол түйүндөрүнүн 4 пайызын түзөт", - деди президенттикке талапкер.

“Биздин өлкөдөгү жол курулуш иштеринин баасын Германия менен теңдештирүүгө болот. Ошону менен катар Германиядагы жолдорду колдонуу мөөнөтү биздикине караганда 6 эсе узагыраак, 30 жылдан ашыгыраак. Жолдордун оңдоп-түзөөсүз иштөө мөөнөтү 20 жылдан кем болбошу керек. Жолдор коррупциялык карынды кампайтуунун булагы болбойт. Биз арзан, сапаттуу, ишенимдүү жана кылымдарга чыдагандай кылып курабыз”, - деп өз сөзүн жыйынтыктады Бабанов.

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 09.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан