Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин 7-октябрда сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү жасады.
Эскерте кетсек, өлкө башчысы өз сөзүндө Казакстан тууралуу пикирлерин айткан.
"Кыргыз Республикасынын президенти А.Атамбаев иш-чаралардын биринде сүйлөп жатып Казакстандын социалдык-экономикалык аспектилерине байланышкан одоно жана эки өлкөнүн достугуна залакасын тийгизе турган билдирүү жасады. Эки өлкөнүн мамилеси жылуу боюнча калат деген ойдо, Кыргыз ажосунун жоопкерчиликсиз, козутуучулукка мүнөздүү жалган жана шайлоо алдындагы кайсы бир максатты көздөп сүйлөгөн сөзү эки элдин достугуна доо келтирбеши керек деп ишенем. Буга байланыштуу мен Кыргыз коомчулугун Казакстан Республикасынын чыныгы экономикалык өнүгүүсү тууралуу токтоосуз кабардар кылып коюуну чечтим.
Эгемендүүлүктү алгандан тарта биздин өлкөнүн экономикасы 20 эсеге өстү. 2012-жылы Казакстан экономикасы жагынан өнүккөн өлкөлөргө атаандаштык жарата турган 50 өлкөнүн катарына кирди. Өлкөдө күчтүү улуттук бизнес түзүлдү.
Казакстанда "Doing Business" 35-орунда турат. Бүгүнкү күндө 1,3 миллион жеке ишкерлик түзүмдөр улуттук байлыктын төрттөн бир бөлүгүн гана ээлейт.
Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан тарта Казакстан 120 миллион квадрат метр турак жай курууга жетишип, 1,1 миллион үй-бүлөнү батир менен камсыздады. Өлкөдө социалдык инфраструктура активдүү өнүгүп жаткан чагы. Тактап айтсак, 1,3 миң жаңы оорукана жана бейтапканалар, 500 жаңы бала бакчалары 1,4 миң мектеп курулган".
Өз сөзүндө премьер-министр Кыргыз мигранттары тууралуу да пикирин айтты.
"Кыргыздан келген 125 миң эмгек мигранты Казакстанга келип катталып, жашоо кечирип жатышат. Муну менен катар алар толук кандуу биздин мамлекеттин социалдык жана медициналык кызматтарынан тоскоолдуксуз пайдаланып жатышат. Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин карманган позициясына жараша, учурда эки өлкөнүн импорттук бажылык төлөмдөрүнүн Евразия Экономикалык Биримдигиндеги үлүшү 1,9 пайызды түздү. Бул мүмкүнчүлүк Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге киргенден бери бюджетинин кескин өсүшүнө түрткү болду", - деди.
Мындай пикири менен бирге өлкөнүн премьер-министри акыркы 15 жыл аралыгында ишке жарамдуу калктын орточо айлыгы 10 эсеге өскөнүн айтып, Кыргыз өлкөсүнүн жарандары алган айлык акынын өлчөмү менен салыштырган.
Ошондой эле акыркы жылдардагы бардык тармактагы жетишкендиктерди баса белгилеген премьер-министр "Кыргыз өлкөсүнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин биздин өлкө тууралуу бир нече ирет орунсуз айтылган пикирлерине карабай, Казакстандын бийлиги коңшу Кыргыз менен мамилени мындан да тереңдетип, стратегиялык өнөктөштүктү уланта бермекчи", - деп жыйынтыктаган билдирүүсүн.
Эске сала кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 7-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Казакстанда байлыктар уурдалып жаткандыктан казак элинин пенсиясы аз экенин айткан.
"Урматтуу Нурсултан Абишевич Назарбаев "Алматы шаарынын ички дүң продукциясы бүт Кыргыз өлкөсүнүкүнөн 5 эсе жогору" деп туура айткан. Туура, Казакстандын ички дүң продукциясы биздикине караганда 20 эсе көп. Анда эмне үчүн казак элинин пенсиясы биздикинен 1,5 эсеге эле көп, тариф 5 эсе көп? Эмнеге? Анткени Казакстанда байлыктар уурдалып жатат. Атамбаев аларга жаман үлгү көрсөтүүдө. Себеби эл адилеттүү бийликти каалап жатат... Бизге үйрөтүүнүн кереги жок. Биз өз жолубузду таап алганбыз", - деп билдирген Атамбаев.