"Сооронбай Жээнбеков президент болсо, маданият ѳнүгѳт"

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду ɵлкɵнүн маданият адамдары да колдоп, сүрɵп жатышат. Тɵмɵндɵ кээ бир ɵнɵр адамдары Сооронбай Жээнбековду эмнеге колдоп жатышкандарына токтолушту.

Бактияр ТОКТОРОВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, «Биз» тобунун жетекчиси:

- Мен башынан эле КСДП партиясын колдоп келем. Мамлекеттик ишмер катары тажрыйбасы мол, бардык кызматтык тепкичтерди басып ɵткɵн, башкача айтканда, президенттикке бардык жагынан татыктуу талапкер. Басып ɵткɵн жолу да таза, үлгүлүү. Менимче, ɵлкɵ башына ушундай адам керек.

Талапкердин программасы да реалдуулукка негизделген. Эптеп эле шайлоочулардын добуштарын алыш үчүн ишке ашпай турган нерселерди камтыбайт. Ошондуктан «Биз» тобунун балдары Сооронбай Шариповичтин президент болушун каалайбыз. Чын жүрɵктɵн колдоп добуш беребиз, кыргыз элин да добуш берүүгɵ чакырып кетебиз.

Жеңишбек АЙТИЕВ, ырчы, тамада:

- Сооронбай Жээнбеков премьер болуп турганда маданият ɵкүлдɵрүнɵ жакшы кɵңүл буруп, колдоолорун кɵрсɵтүп келген. Маданият тармагына, маданият кызматкерлерине кɵңүл бурган адам экен. «Маданият ɵнүксɵ - ɵлкɵ ɵнүгɵт» деп айткан сɵзү бизге дем-күч берип, шыктандырган.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланса, маданият тармагы дагы да ɵнүгүп, жаңы бийиктикке кɵтɵрүлɵт деп ишенем.

Самара КАРИМОВА, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти:

- Менин тандоом – Сооронбай Жээнбеков. Анткени Сооронбай Шарипович ɵнɵр адамдарын аябай баалайт. Ɵзү болсо ɵтɵ маданияттуу, кичи пейил жана жупуну адам. Чет жерлерге делегациянын курамында бирге барып калган учурларыбыз болду. Ошондо бул кишинин жɵнɵкɵй, маданият тармагынын кɵйгɵйлɵрүн угуп, чечүүгɵ аракет кылган адам катары билип калдым. Ушуга окшогон мыкты сапаттары, касиеттери менен биздин, ɵнɵр адамдарынын сый-урматына татыган десем болот.

15-октябрда №9-талапкер Сооронбай Жээнбековду тандасак, жаңылбайбыз!

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 09.10.2017-ж.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан