КҮНСЕРЕП: Бабановго каршы иштеген адам "Бабанов үчүн төӊкөрүш уюштуруу" аракетине шектелип кармалды

Бүгүн, 10-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бардык шайлоолордо колдонулуп жүргөндөй эле, бул шайлоодо дагы компроматтар согушу күчүндө. Алгачкы чабуулдар президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго жасалды. Интернет желесинде адегенде апасынын жана аялынын башка улуттан экени айтылып жатты. Ал эми бүгүн БШК президенттикке талапкер шайлоочулар менен жолугушууларынын биринде улуттар аралык кастыкты козутту деп эсептеп, Бабановго дагы эскертүү берүү чечимин кабыл алды. Буга чейин БШК Бабановго 2 ирет эскертүү берген. Сөз болуп жаткан видеону Бабановдун штабы улуттар аралык кастыкты козутуучулук катары кабыл алына тургандай монтаждалып таратылганын айтып УКМКга кайрылган эле. Баарынан кызыгы, видеону монтаждап, улуттар аралык кастыкты козуткан адамды издеген эч ким жок.

Президенттикке талапкер Темир Сариевдин оппоненттери болсо элге улам-улам Үзөӊгү-Кууштун сатылышын эскертүү менен убара. Анткени Сариев ошол маалдагы Жогорку Кеңештин депутаты катары "макул" деп добуш бергендердин бири. Ошондой эле 2010-жылкы революциядан кийин Азимбек Бекназаров менен банк кутучасындагы акчалар тууралуу телефондук сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу да кайра таратылууда.

Адахан Мадумаровго каршы адаттагыдай, анын Жаныш Бакиевдин тоюндагы сүрөттөрү, айткан куттуктоолору колдонулууда.

Ал эми бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбековго да компроматтар чыкпай койгон жок. Көп өтпөй интернетке Сооронбай Жээнбековдун Бакиевдин тушундагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен үгүт учурунда жетелешип жүргөн сүрөттөрү чыкты. Бул айрым салмактуу оппоненттерин, учурдагы казак бийлигин "бакиевчи" атаган бийлик командасына каршы курал болуп берди. Жээнбеков менен Конгантиевди алар "принципке турбады" деп туруксуздукка айыпташууда. Интернетке "Жээнбековду Ошто кууп жиберишти" деген эски видеотасма да жарыяланды. Анда Оштогу митингдердин биринде чогулгандар Жээнбековду сүйлөтпөй чуу түшкөнү тартылып калган.

Телефондук тыӊшоолор бул шайлоонун тренди болуп жатат. Интернет желесине Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев өӊдүү бийлик оппоненттеринин телефондук сүйлөшүүсү делген аудиожазуулар тарап жатат. Ошол эле учурда Жээнбековдун телефондук сүйлөшүүлөрү интернетке чыгарыла элек. Сүйлөшүүлөр качан жүргөнү, чын эле аты аталып жаткан адамдардын сүйлөшүүсүбү, чыныгы максаты эмне, монтаждалганбы, жокпу, так маалыматтар жок. Бирок ал аудиожазуулар оппозициялык талапкерлерге каршы ийгиликтүү иштеп жатат. Мисалы, күмөндүү суроолорду жараткан видеотасма, аудиожазуулардын негизинде Бабановдун колдоочуларынын бири - депутат Канат Исаев камакка алынып, азыр темир тор артында. Бабанов бул боюнча: "Исаев мени колдобогондо, камалбайт эле", - деп билдирди. Темир Сариев менен Бакыт Төрөбаевди интернетке тараган аудиожазуу боюнча президент Алмазбек Атамбаев эл алдында катуу сындады.

9-октябрь күнү кечинде активист Мелис Аспеков "Бабановдун тарапташтары менен элди көтөрүп чыгып, баш аламандык кылууну сүйлөштү" деп кармалып, камакка алынды. Кечээ эле Бабановдун үстүнөн арызданып жүргөн Аспеков кантип эле аны менен бир команда болуп калды? Аспеков Бабановго каршы иштегени баарына белгилүү. Эми ошол адамдын Бабанов үчүн төӊкөрүш жасамакчы деп камакка алынышы логикага сыйбайт. Тескерисинче, анын аракетин Бабановго каршы күчтөрдүн буюртмасын аткаруу катары баалоого болот. Ал эми "Бабановго каршы күчтөр ким?" деген суроого жооп табуу кыйын деле эмес. Аспеков жакында эле түрмөдөн чыккан. Ал эми түрмөгө отуруп чыккандар, "каралар" кимге каршы иштеп жатканы жөнүндө буга чейин жарыяланып келген аудио-видеожазууларды карап тыянак чыгарууга болот...

Жакында мурдагы депутат Равшан Жээнбеков менен журналисттин Текебаевдин иши боюнча телефондук сүйлөшүүсүнүн аудиосу социалдык тармактар аркылуу тарады. Жээнбеков да, журналист да сүйлөшүү болгонун, бирок ал монтаждалып, бурмаланганын айтып чыгышты. Шектенүүгө негиздер да чыгууда. Сүйлөшүүдөн аудио жаздыруу бир тараптан эмес, түйүндөн болгону байкалат. Анын үстүнө сүйлөшүүнүн маңызын түзгөн Текебаевдин сотунда журналист да, саясатчы да кызыкдарлыгы жок адамдар болуп саналат, тагыраагы күбө да, айыпталуучу да болушкан эмес. Эгерде монтаж болгону далилденсе, анда Текебаевди жалган жалаа менен камоого атайын кызматтардын кызыкчылыгы болгонбу деген бүтүмгө жетелейт. Адатта мындай сүйлөшүүлөрдү тыӊшап, оперативдүү түрдө монтаждап коомчулукка кеӊири таратууну колунда эбегейсиз ресурсу бар атайын кызматтар гана кыла алышы мүмкүн, андыктан президенттикке талапкерлердин сүйлөшүүлөрү делген телефондук сүйлөшүүлөрдү да атайын кызматтардын "эмгеги" эмес деп айтуу кыйын. Өлкөдө шайлоого карата иштер мындай ыргакта өнүгө берсе, 15-октябрдан кийин шайлоонун таза жана мыйзам талабына жараша өткөндүгү чоӊ суроого барып такалат...

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованы сот 5 жылга кести. Мындай өкүмдү бүгүн, 10-октябрда Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды. Өкүмгө ылайык, Салянова жазаны кызы 14 жашка чыккандан кийин гана өтөп баштайт. Белгилүү болгондой, Аида Салянова 2015-жылы көз жарган, кызы 2 жашта. Эгер өкүмдү жогорку инстанциядагы соттор күчүндө калтырса, анда Салянова жаза мөөнөтүн 2029-жылдан тарта өтөп баштайт. Ошентип "Ата Мекен" партиясынын экинчи депутатына сот өкүмү чыкты. Буга чейин партия лидери Өмүрбек Текебаев 8 жылга кесилген. Булардан тышкары Алмамбет Шыкмаматов, Райкан Төлөгөновго ачылган кылмыш иши боюнча соттук иштер уланууда. Ошол эле учурда Салянованы 2010-жылдан бери такай бийликке оппозицияда жүрдү дегенге болбойт. Башкы прокурор болуп тургандагы депутаттардын оор кылмыштарга шектелип камалышы, Батукаевдин бошотулушу өӊдүү иштер келечекте териштирилип калса, Салянова кайрадан эле айыпталуучулардын катарында болуп калышы мүмкүн. Бирок ал катар кимдерден турарын мезгил көрсөтөт...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан