Бабановдун штабы Мелис Аспековдун телефондук сүйлөшүүсүн атайын кызматтын чагымы деп атады

Бүгүн, 10-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун штабы маалымат жыйын өткөрүп, интернетке тараган активист Мелис Аспековдун телефондук сүйлөшүүлөрү боюнча түшүндүрмө берди. Штаб Аспеков менен Бабановдун командасынын эч кандай байланышы болбогонун билдирди.

"Мелис Аспековдун биздин партияга эч кандай тиешеси болгон эмес. Ал биздин партиянын мүчөсү да, активисти да, кызматкери да болуп иштебейт. Бабановдун каршылашы болгон. УКМКнын Аспековду телефон менен сүйлөштүрүп, Бабановго каршы иштеп жаткандар өздөрүнүн жоопкерчилигин билип иш жүргүзөт деп үмүттөнөбүз. Аспеков Бабановго каршы БШКга арыз жазып жүргөн. Мамлекеттик телеканалдар мындай учурда жоопкерчиликтүү карашы керек. УКМК бул шайлоодо өзү чагымчыл болууда. БШК Бабановдун талапкерлигин жокко чыгарышы мүмкүн деген таптакыр туура эмес. Анткени мыйзамда добуш берүүгө беш күн калганда БШК бул мүмкүнчүлүктөн ажырайт", - деди Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев.

Эске сала кетсек, Мелис Аспеков кечээ кечинде УКМК тарабынан мамлекеттик бийликти күч менен басып алууну пландоого шектелип 48 саатка камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан