Шайлоо боюнча республикалык штабды жетектөө Толкунбек Абдыгуловго жүктөлдү

Президенттик шайлоону өткөрүүгө колдоо көрсөтүү боюнча республикалык штабды биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов жетектемей болду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан 10-октябрда билдиришти.

Айта кетсек, 7-октябрга чейин штабды вице-премьер-министр болуп турган Темир Жумакадыров жетектеген. Ал 7-октябрь күнү эртең менен Талас облусуна баратып Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө жол кырсыгына кабылып каза тапкан.

Ал эми Абдыгуловдун орун басары болуп өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев бекитилсе, өкмөттүн эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков штабга мүчө болуп кирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан