Өмүрбек Бабанов: "Бийликти басып алууга камынган жокмун"

"Мен эч качан бийликти басып алган эмесмин жана басып алууга камынган жокмун" деп билдирди президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов бүгүн, 10-октябрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

чурда административдик ресурс колдонулууда. "Бабанов төңкөрүшкө даярданып жатат" деген "кара пиар" жүрүп жатат. Мунун баары жалган жана туура эмес. Анткени мен эч качан бийликти басып алган эмесмин, бийликти басып алууга камынган да жокмун. Ал эми төңкөрүш боюнча телефондук сүйлөшүүлөрдөгү адамдын биздин партияга эч кандай тиешеси жок. Учурда бүтүндөй мамлекеттик телеканалдар аны көрсөтүп жатышат. Биз дагы айтып жатабыз, бул адамдын штабга, партияга тиешеси жок. Бирок биздин сөздү эч бир мамлекеттик маалымат каражаттары пайдаланбай жатат", - дейт Бабанов.

Белгилей кетсек, 9-октябрь күнү кечинде активист Мелис Аспеков "Бабановдун тарапташтары менен элди көтөрүп чыгып, баш аламандык кылууну сүйлөштү" деп кармалып, 2 суткага камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан