Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун штабынын билдирүүсү

БШК, УКМК, өкмөт, прокуратура жана мамлекеттик телеканалдар, айрыкча КТРК бүгүн бийлик колдоп жаткан президенттикке талапкерлердин биринин жактоочусу жана үгүтчүсүндөй эле болуп алышты. Айкын элдик фаворит Өмүрбек Бабановго каршы алардын күрөшүүчү куралдары – кара пиар, административдик ресурс, добуштарды сатып алуу, чагымчылдык жана ачык опузалоолор болуп жатат.

Учурда өлкөдө жаралган кырдаал төмөнкүдөй: калктын 65 пайызы талапкер Өмүрбек Бабановду колдогондор, ал эми ага каршы жана бийликтин талапкеринин пайдасына административдик ресурс, криминал, түшүнүксүз жагдайлар менен пайда болгон акча жана бүткүл бийлик иштеп жатат. БШК бир гана талапкерге - Өмүрбек Бабановдун оппонентине иштеп жатат.

Муну далилдөөчү эскертүүлөрдөн келип чыккан бир нече мисалдар бар:

1. Сооронбай Жээнбеков менен Кубатек Бороновдун сүрөтү бар экен делген баннер. Алгачкы эскертүү дал ушул баннерлерден улам берилген. БШК ошол сүрөттү колдонуп агитациялык максатта баннер чыгара берүүгө жана билборддорго илүүгө уруксат берген болчу. БШКнын уруксаты жок типография баннерлерди басып чыгарбайт.

2. Экинчи эскертүүсүн БШК диний уюмдун өкүлү Садыкжан Камаловду үгүт иштерине тартты деген менен берди. Буга чейин БШК диний ишмер Чубак Жалиловду үгүт ишине аралаштырды деп Сооронбай Жээнбековго эмес, Камчыбек Ташиевге эскертүү берсе бул ирет БШК талапкер Өмүрбек Бабановго экинчи эскертүүсүн берди. Анткен менен Камаловду чакырган тарап катары жазылган Бакыт Төрөбаевдин арызы бар болчу. Баарыбызга белгилүү болгондой, Оштогу иш-чарада жасалган тоскоолдукка байланыштуу конокторду чакыруу иштери менен талапкер Бакыт Төрөбаев алектенген.

3. Эми БШКнын жумушчу тобу атайын кызматтардын козутуучулукка мүнөздүү Он-Адырдагы кара пиарына байланыштуу үчүнчү эскертүү берүүнү сунуштап жатат. БШКнын аталган тобу бул чагымчылдык экенин кабыл алгысы келбей, көз карандысыз эксперттердин чыгарган жыйынтыгын да күтпөй жатат. Мындан улам БШК президенттикке ат салышууда фаворит аталып жаткан талапкер Өмүрбек Бабановго мыйзамсыз ыкмалар менен тоскоолдук жаратып жатат деген ойлор жаралат.

Он-Адырдагы тургундар менен жолугушууда тартылган видео Өмүрбек Бабановдун расмий баракчасында бар, анткени түз алып көрсөтүү орун алган. Ошондой эле талапкердин бардык жолугушууларын жана сапарларын тартып жүргөн атайын кызматтардын 3 камерасы дагы ошол күнкү жолугушууну тартып жаткан. Тажрыйбалуу саясатчы жана белгилүү тынчтык орнотуучу болуп калган талапкер Өмүрбек Бабанов контексттен үзүп-жулкуп алгандай көрсөтүлгөн маанидеги сөздөрдү айтпайт болчу.

Ошол жолугушуунун алдында эле жолдорду тосуп, мурда макулдашылган жерде жыйын өткөрүүгө уруксат бербей, башка орунга алмаштырып, катышуучуларды опузалап жолугушууларга коё бербей, атайын кызматтар аларды видеого тартып коркутуп, бийлик тарабынан жана бийлик колдогон оппонент тарабынан чагымчылдыктар орун алган. Ошол себептен Ө.Бабанов бийликтин мындай кысымынан коркпош керек экенин, өнүккөн, эркин жана демократиялык Кыргызстанды түзө ала турган, өлкөнүн бардык жарандарынын укугун бирдей коргой ала турган талапкер үчүн күрөшүү керек экенин айткан.

Ушундай эле жагдайлар менен катар БШК жана прокуратура төмөнкү фактылар боюнча эч кандай таасирин көрсөтпөй жатат:

- Жаран Дурбек Алимжановдун сабалышы боюнча;

- Акыркы күндөрдө интернеттеги социалдык тармактарда жана дегеле бардык жерде айтылып жаткан бийлик колдогон жана негизги оппоненттин пайдасына сатып алынып жаткан добуштар боюнча;

- Диний ишмер Чубак Жалиловдун талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп сүйлөгөн сөзү боюнча;

- Мамлекеттик ТВ жана жалданма ЖМКлар аркылуу берилип жаткан чагымчылдыкка мүнөздүү материалдар боюнча;

Атайын кызматтар бийликтин талапкеринин үгүтчүлөрү экенин дагы бир жолу белгилеп кетейин:

  • Талапкер Ө.Т.Бабановдун бардык жолугушуулары камерага тартылып, дароо чагымчылдыкка мүнөздүү кылынып монтаждалып, социалдык тармактар жана телеканалдар аркылуу тарап жатат;
  • Жолугушууларга шайлоочулар менен кошо келген чагымчылдар даярдалууда;
  • Телефондук сүйлөшүүлөр тыңшалып, жашыруун камераларга видео тартуулар жүрүп, алынган материалдар кийин монтаждалып чагымчылдык мүнөздө таратылып жатат;
  • Бүгүнкү Мелис Аспековго байланышкандай чагымчылдыктар уюштурулуп жатат;

Биздин штабдан жана коомдук баштапкы уюмдардан эч ким Мелис Аспеков менен эч кандай байланышы жок жана анын Бабановдун штабына эч кандай тиешеси жок. Аны менен эч жерде жолугушуу өткөрүлгөн эмес. Мелис Аспеков башынан эле Өмүрбек Бабановго каршы экенин билчүбүз жана дал ошол Аспеков Бабановго каршы арыздарды БШКга жөнөтүп келген. Бул чагымчылдык атайын эле уюштурулганы түшүнүктүү болуп калды.

БШК президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду талапкерликтен алат деп тарап кеткен маалыматтар боюнча эмнелерди айтса болот. БШК мындай кадамга бара албайт, анткени мыйзам боюнча президенттикке талапкерди жарыштан четтетүү укугу шайлоого 5 күн калганга чейин гана ишке ашат. Тактап айтканда, бул мүмкүнчүлүк кечээ, 9-октябрда өтүп кетти.

Бийлик жалпы элдин сүймөнчүгү Өмүрбек Бабановго каршы иштеп жатат. Атайын кызматтар бул шайлоодо чагымчыл болуп калышты. БШК жалгыз оппозициялык талапкерге каршы иштеп жатат.

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 10.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан