реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
super.kg logo

ИИМ: "Милиция кызматкерлери ырчы Клара Алибековага жардам көрсөтпөстөн унаадан түшүрүп салган факт тастыкталган жок"

 

Эстрада ырчысы Клара Алибекованы видеого тартып, интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө жүрөт. Мындай маалыматты бүгүн, 10-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматына байланышканыбызда, К.Алибековадан арыз келип түшкөндүгүн тастыктаган. Белгилүү болгондой, укук коргоо органдарынан Клара Алибекованы зордуктоого аракет жасап, муунтуп, артынан кууган адамдарды издөө иштери жүрүп жатканы кабарланган.

Эске сала кетсек, буга чейин интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген аталыштагы видео тараган. Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узатып, анын айткандарына кайдыгер мамиле жасаганы тартылган.

Окуя тууралуу ырчы SUPER.KG порталына ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаганын айтып берген. Ошондой эле ал жардам сурап милиция кызматкерлерине кайрылганда, шылдыңга алышып, түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшканын айткан.

Мындан улам коомчулукта жана интернет айдыңында кызуу талкуу жаралып, милиция кызматкерлеринин мамилеси кескин сынга алынган.

"Окуядан кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзө баштаган. Анын жыйынтыгында Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициясынын 3 кызматкери аталган окуяга шектүү катары аныкталышкан. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери Алибековага жардам көрсөтпөстөн унаадан түшүрүп салгандыгы тууралуу факт аныкталган эмес. Ошондой эле ошол түнү Алибекова менен бирге көчөдө жүргөн адам кармалып, суракка алынган. Муну менен катар арыз ээсинин артынан кууп, зордуктоого аракет жасады деген маалымат да тастыкталган жок.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, 3 Патрулдук милициянын кызматкерлери дисциплиналык тартиптин негизинде жоопко тартылышты. Окуя боюнча чогултулган материалдын баары юридикалык баа берүү максатында тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Мындан аркы маселелер тергөө органдарынын чыгарган жыйынтыгына жараша чечилмекчи", - деп маалымдашты ИИМдин басма сөз кызматынан.


кошулду


 
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -4 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Комментарийлер(55)
10.10.2017. 22:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
18-10-2017 21:03
Жынысы:
Белгисиз
+21
Я в шоке!!!!уят, бет деген калбаптыр да МЕНТТЕРДЕ!!! Е моё...тастыкталган жок?????!!!!!!!!!!!! Соз жок. Аман эле болгула, ХХХХ!!!!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:15:02
10.10.2017. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
21-10-2017 10:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+13
Ушундай окуялар катталганда мындай акмак кызматкерлеринерди катуу жазалап койсонор башкаларына да сабак болуп мындай учурлар кайталанбайт эле, ХХХХ кылыгын жашыруу мн ИИМ озунорго болгон элдин ишенимин жоготуп оз абройунарды кетирип атасынар, Исраилов дегени эмне кылып журот болгондон бери дымы чыкпайт го мындай ХХХХ ооздуктоого алы келбей, ХХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:17:17
11.10.2017. 10:22 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
13-08-2017
Соӊку аракети:
21-10-2017 09:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жаны жер
0
Arlenchik,созундун аягында озуно озун жооп берип салгансынго
11.10.2017. 11:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
07-12-2013
Соӊку аракети:
20-10-2017 00:08
Жынысы:
Белгисиз
+3
Arlenchik,Исраилов бетин табактай кылып ичип жеп жургодур да, шефинин доорунда.Жаныдан ишке киришип атканда эсинердеби, Текебаев суроолорду жаадырып бергенде оозуна талкан салып алгандай, момоюп отурбады беле эч нерсеге жооп бере албай.
10.10.2017. 22:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
26
Катталган:
05-07-2015
Соӊку аракети:
20-10-2017 20:42
Жынысы:
Белгисиз
+15
Тиги уч мусордун ордуна башка уч бала бирону мыскылдаб тартканда эчак табылган болчу мусор мусордун козун чукубайт
10.10.2017. 22:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
260
Катталган:
26-08-2011
Соӊку аракети:
21-10-2017 10:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+19
Кордунорбу бийликтин шалаакылыгын К.Исаевдин видеосунда айтылбаган создорду башка нукка буруп,башаламандык уюштурмак деп камап коюшту.ал эми бул видеодо К.Алибековага жардам бербей шылдындап тартып жатышса дагы куноону мойнуларына алышпай кургак чыгышууда.мыйзам иштесе карапайым элге,,оппозицияга гана иштеп жатат.КСДП га иштеген жок
10.10.2017. 22:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
16-10-2017 20:58
Жынысы:
Белгисиз
+4
Milisiyani bir nerse kilip koiso chigishat ko terrorister dep~emi bul emnesi videodon achik ele korunup turbaibi~emne bolgonu~aldagi ХХХХ milisiyalardi karmash kerek~ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:20:59
11.10.2017. 10:21 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4791
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-10-2017 23:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
Baktikan, провокация жаратпаңыз. 3 күнгө БАН!
10.10.2017. 23:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
11-10-2017 06:56
Жынысы:
Белгисиз
+9
Нагло билгенинди кыл дегендей болуптурго. ХХХХ кайтар дуйно силерде да кыз, эже, аял бардыр. Канча адамдын каргышына калдынар ХХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:26:23
10.10.2017. 23:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
63
Катталган:
05-01-2017
Соӊку аракети:
21-10-2017 00:35
Жынысы:
Белгисиз
+12
Супер депутат жылдыз журналист Уполду коркутуп жатты элего Уполдун арызын канаатандырдыбы жок дегенде тигини иштен четтетиби билсениздер
11.10.2017. 05:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
31-03-2014
Соӊку аракети:
20-10-2017 19:40
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-4
erkeleim,коркутуп соккону далилденбептир)
11.10.2017. 11:17 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4791
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-10-2017 23:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
erkeleim, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
10.10.2017. 23:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
01-05-2017
Соӊку аракети:
21-10-2017 10:19
Жынысы:
Белгисиз
+11
Байкап корсо Кларанын ишенген адамы жок. Боло берет деди да .
10.10.2017. 23:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
82
Катталган:
04-02-2014
Соӊку аракети:
15-10-2017 22:55
Жынысы:
Белгисиз
+8
Шайлоодо милиционерлер бийлике керек, вдруг деп итак чочулап атышканда каяктагы Алибекова учун менттерге жаман корунушкусу келбейтышат да, аларды далыга чаап силер тартип сакчылары бир вручайтеткиле деп. Саясат сасытып буттуго баарын
10.10.2017. 23:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
30-01-2012
Соӊку аракети:
21-10-2017 00:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
самара
+7
Жардам корсотподу деп эмес анда, видеону мыскылдап интернетке жайды деп башкадан арыз жазыш керек.Керек болсо за моральный ущерб толотуш керек.Ошол ХХХХ менттер эч кандай жаза албашын билип ошондуктан коркпостон шундай кылышты да.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:31:30
11.10.2017. 10:31 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4791
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-10-2017 23:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
noeli, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
11.10.2017. 00:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
79
Катталган:
09-07-2013
Соӊку аракети:
16-10-2017 16:49
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кларага аттуу баштуу искусство адамдары жардам берип, акыйкат чечим чыгарып беришсе жакшы болмок.
11.10.2017. 00:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
239
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
17-10-2017 23:46
Жынысы:
Белгисиз
+8
Налааттан башка жок силерге!!!зордуктоого эч ким аракет кылбаса силер озунор не бироонун устунон кулдунор?!
11.10.2017. 00:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
10-05-2017
Соӊку аракети:
20-10-2017 23:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
Карга карганын козун чукубайт болуптурда бул жагы.Буларга ишин тушкондон Кудай сактасын,ишенгендерибиз кайра ушинтип маскара кылып интернетке чыгарып жатса кимге барып даттанабыз
11.10.2017. 00:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
25-06-2016
Соӊку аракети:
20-10-2017 22:01
Жынысы:
Белгисиз
+11
Адам мент болот. Мент эч качан адам болбойт деп коет го. Бул кунуго эле кайталанчу иш да. Ошолордун бири да.
11.10.2017. 02:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
20-10-2016
Соӊку аракети:
21-10-2017 03:38
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул менттерге ХХХХ.мен кларамын деп.корсо буларга ушундай мамиле жарашат экен.адамча мамиле жарашпайт.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:32:19
11.10.2017. 02:47 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-09-2017
Соӊку аракети:
20-10-2017 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
ХХХХ менин жеке оюум. карапайым адамдарга зокон иштебейт. Клара сени биз жакшы коробуз!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:32:51
11.10.2017. 10:33 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4791
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-10-2017 23:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
-1
Imran2013,далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
11.10.2017. 03:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
11-05-2016
Соӊку аракети:
21-10-2017 04:59
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушинтип иштегенден коро ХХХХ чынын айтсам Кыргызстан да жашагандан корком
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:33:29
11.10.2017. 05:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
04-04-2015
Соӊку аракети:
21-10-2017 09:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Качан эле милиция кызматкерлери куноолу болчу эле...? Алар суудан кургак чыгышат. Кларанын жумшактыгын пайдаланышканда ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 10:33:43
11.10.2017. 07:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1137
Катталган:
04-03-2015
Соӊку аракети:
21-10-2017 10:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Эркин Тоо
+3
Клара биз сени жакшы коробуз
11.10.2017. 08:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
128
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
20-10-2017 09:14
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+6
Тастыкталган жок??? Ха ха ха ХХХХ. ИИМдин болгону ушул болсо эл арыз муңун кимге айтат. Видео далил эмеспи??? Иим министрине наалат. Оңбой калгыла. Жашоо бумеранг.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-10-11 09:34:50
11.10.2017. 08:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-12-2016
Соӊку аракети:
20-10-2017 11:21
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ой кыргыздын ырчы чоорчулары эмнеге башынарды кумга катып отурасынар Кларага жардам берсенер боло, бул эмне деген наадандык.Ушундай адилетсиздикти коруп туруп кантип чыдап отурасынар, Айчурок Иманалиева, Гулнур Сатылганова, Эркин Мукашев, Ырыскелди Осмонкулов ж.б.кичине жок дегенде пресс-конференция откоруп адилетуулуко чакырып койсонор боло. Бакиевдин заманы кайра келе жатат окшойт.Соке келсе точно келет.
11.10.2017. 09:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
297
Катталган:
01-06-2017
Соӊку аракети:
20-10-2017 22:04
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шок! Мына сага Кыргыз закондору. Видеодо корунуп турат, кызды шылдындап атышканы. Ошол маалда оперативдуу иштерди жургузбогону учун озунчо, шылдындаганы учун озунчо иш каралат элего? Прокуратурага жаз эми
11.10.2017. 10:52 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4791
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
20-10-2017 23:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
luuntik, провокация үчүн 3 күнгө БАН!
11.10.2017. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
25-01-2013
Соӊку аракети:
18-10-2017 01:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ардактуу айылым
+1
Апеей,бул эмнеси?Далил турса тастыкталбаганы неси?интернеттен башка бирөө жарым бийлике каршы сүйлөп койсо ошол замат табышат да,ушул тарткан менттерди таппай калышыптырбы?УЯТ,УЯТ,УЯТ.Биз не 2жашар жаш балабызбы. Кыскасы сөз жок!!!!
11.10.2017. 13:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
221
Катталган:
04-05-2016
Соӊку аракети:
15-10-2017 09:02
Жынысы:
Белгисиз
+1
Видеого тартып, интернетке жуктогону, берген ынгайсыз суроолору даана эле корунуп турбайбы. "Карга карганын козун чукубайт" болуп жатышат. Ушундайдан анан С.Ж-ны шайлагым келбей кетет.
11.10.2017. 13:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
17-11-2015
Соӊку аракети:
21-10-2017 02:35
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алтынай Жайнакова ажап кылган экен.
11.10.2017. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
20-10-2017 22:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деги эле органда иштегендер копкон.Жадагалса сот аткаруучу кызымын алиментинен 10 мин сом алып калган не за что.Колунан эч нерсе келбейт деп.Баары озубуздун колдо деп.Соттордон да менттерден да тунулдум шумшуктор.
JaneEr түзөттү 2017-10-11 13:42:26
11.10.2017. 13:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
09-05-2013
Соӊку аракети:
20-10-2017 23:34
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
москва
+1
Иий кудай тастыкталган жок дейт,видеодо бар туш деген жери даанале угулган го.Бети жок акмактар.
11.10.2017. 19:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
14-04-2014
Соӊку аракети:
18-10-2017 17:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош-Москва
0
Ырчылар чогулуп бир жыйын өткөргүлө,Клара эжени сыйласаңар.
12.10.2017. 00:05 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
08-07-2017
Соӊку аракети:
15-10-2017 14:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо кудай милиция менен доктурларга кунубузду тушуро корбо
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарга кирди:

Кабарлардын саны:
96042;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2017 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
0,32857203483582