Эстрада ырчысы Клара Алибекованы видеого тартып, интернетке таратып жиберген милиция кызматкерлеринин үстүнөн кызматтык иликтөө жүрөт. Мындай маалыматты бүгүн, 10-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Бишкек ШИИББинин маалымат кызматына байланышканыбызда, К.Алибековадан арыз келип түшкөндүгүн тастыктаган. Белгилүү болгондой, укук коргоо органдарынан Клара Алибекованы зордуктоого аракет жасап, муунтуп, артынан кууган адамдарды издөө иштери жүрүп жатканы кабарланган.
Эске сала кетсек, буга чейин интернетке "Клара Алибековага ким кол салды?" деген аталыштагы видео тараган. Видеодон ырчы Клара Алибекованын укук коргоо органдарына ага кол салуу болгондугун айтып берип жатканын көрүүгө болот. Бирок милиция кызматкерлеринин бири ырчыга "Крышаң кетип калган жок беле?" деген суроо узатып, анын айткандарына кайдыгер мамиле жасаганы тартылган.
Окуя тууралуу ырчы SUPER.KG порталына ушул жылдын 27-сентябрь күнү кечинде дүкөндөн келе жаткан мезгилде ага мас абалдагы белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет жасаганын айтып берген. Ошондой эле ал жардам сурап милиция кызматкерлерине кайрылганда, шылдыңга алышып, түн ичинде жолдун боюна унаадан түртүп түшүрүп коюшканын айткан.
Мындан улам коомчулукта жана интернет айдыңында кызуу талкуу жаралып, милиция кызматкерлеринин мамилеси кескин сынга алынган.
"Окуядан кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзө баштаган. Анын жыйынтыгында Бишкек ШИИББинин Патрулдук милициясынын 3 кызматкери аталган окуяга шектүү катары аныкталышкан. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болгондой, милиция кызматкерлери Алибековага жардам көрсөтпөстөн унаадан түшүрүп салгандыгы тууралуу факт аныкталган эмес. Ошондой эле ошол түнү Алибекова менен бирге көчөдө жүргөн адам кармалып, суракка алынган. Муну менен катар арыз ээсинин артынан кууп, зордуктоого аракет жасады деген маалымат да тастыкталган жок.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, 3 Патрулдук милициянын кызматкерлери дисциплиналык тартиптин негизинде жоопко тартылышты. Окуя боюнча чогултулган материалдын баары юридикалык баа берүү максатында тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Мындан аркы маселелер тергөө органдарынын чыгарган жыйынтыгына жараша чечилмекчи", - деп маалымдашты ИИМдин басма сөз кызматынан.