Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков: "Жакынкы 5 жылда бүтүндөй Кыргызстан таза суу менен камсыз болот"

Бүгүн, 10-октябрда Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков үгүт кампаниясынын алкагында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон жана Сузак райондорунун тургундары менен жолугушту.

Сооронбай Жээнбеков шайлоочуларга өзүнүн «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» программасынын алкагында өлкөнү өнүктүрүү боюнча пландары туурасында айтып берди. Ал премьер-министр болуп турган мезгилде өзү жетектеген өкмөт кыска мөөнөттүн ичинде олуттуу ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи. Былтыр, 2016-жылдын ушул мезгилинде, 13 пайызга төмөндөп кеткен экспорттун көлөмү быйылкы 7 айда 30 пайызга өстү. 2016-жылдын апрелинде ички дүӊ продукт 4,9 пайызга, өнөр жайы 26 пайызга төмөндөп кеткен. 2017-жылдын алты айында ички дүӊ продукт 6,4 пайызга, өнөр жай 31,6 пайызга жогорулады. Айыл чарбасына бериле турган насыянын үстөк пайызын азайтуу, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүү, ипотекалык насыя берүүнүн үстөк пайызын 6% чейин төмөндөтүү боюнча иштер улантылат.

«Калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо стратегиясынын алкагында 650 калктуу пунктта суу объектилери курулуп, ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилмекчи. Азыркы тапта калктын 45 пайызы гана таза ичүүчү суу менен камсыздалган. Жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстандын бардык облустары таза суу менен камсыз болот. Биз ирригация боюнча мамлекеттик программаны кабыл алып, ишке ашыруудабыз. Аны ишке ашыруу менен 65 миң гектар жаңы сугат жерлери пайда болот. Жаңы калктуу конуштар, дыйкан чарбалары түзүлөт. 240 миңден ашуун жаңы жумушчу орундары жаралат», - деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков бир жарым жылдык премьерлик ишинде 40тан ашуун ирет өлкө аймактарына барып, жер-жерлердеги абал менен жакындан таанышып чыккандыгын айтты. «Мен дайыма эл менен түздөн-түз иштеп көнгөм. Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында биз ишибизди 20 пилоттук шаарды өнүктүрүүдөн баштамакчыбыз. Эксперттердин изилдөөлөрүнө караганда, бизде жер-жерлерде 30 пайыздан ашуун калкты иш менен камсыздаса болот. Каалаган жерде ишкерлик менен алектенгенге шарттар бар. Ошондуктан эгерде президент болуп шайланып калсам, калкты иш менен камсыз кылуу программасын иштеп чыгуу – алгачкы кадамдарымдын бири болуп калат. Ар бир райондо кайра иштетүүчү ишканалар түзүлөт», - деди Сооронбай Жээнбеков.

Базар-Коргон жана Сузак райондорунун шайлоочулары Сооронбай Жээнбековдун сөзүн кызуу колдоп, алдыдагы шайлоодо шайлоо бюллетениндеги 9-номерге добуш бере тургандыктарын билдиришти.

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 11.10.2017-ж.




кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан