Казакстан тарап Кыргыз-Казак чек арасынан жарандарды өткөрүүдөгү текшерүүнү күчөттү. Мындан улам кечээтен бери "Ак жол" бекетинде узун кезек күтүүлөр жана тыгын жаралып, Кыргыз жарандарына кыйынчылык туудуруп жатат. Интернет желесине жарандар 5 сааттан бери чек арадан өтө албай жатканын жазып жатышат.
Казакстандын чек арадагы көзөмөлүн күчөтүүсүнө президент Алмазбек Атамбаевдин "өлкөдө шайлоого карата баш аламандык болушу мүмкүн" деген сөздөрү себеп болгону айтылууда.
Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев "шайлоодо баш аламандык кылууга аракеттер болушу мүмкүн" деп 10-11-октябрда Сочиге жасалчу сапарын токтоткон эле.