Асема Токтобекова: "Жакында "18+" деген тасма тартабыз, даяр болгула, мен даярмын"

Саналуу мүнөттөрдөн кийин ырчы, актриса Асема Токтобекованын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталат.

Анын чыгармачылыгы, жеке жашоосу же келечектеги пландары тууралуу сизди көптөн бери кызыктырып, бирок жооп ала албай жүргөн суроолоруңуз болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып узатыңыз. Ырчы суроолорго түз эфир аркылуу жооп берет.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт. Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда ушул кабардын алдына жазып, жооп алсаңыздар болот.

15:07. Асема Токтобекованын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги башталды. Ырчы учурда алпаруучулардын "ойготкуч" суроолоруна жооп берүүдө.

15:15. Окурмандын "Эгерде кайненең "Баткенге келип жашайсыңар. Всё, точка!" деп койсо келет белең?" - деген суроосуна: "Чындыгында кайненем андай адам эмес. "Всё, точка!" деп дагы айтпайт. Бирок кайненем кандай айтса, ошондой болот", - деп жооп берди ырчы.

15:16. "Брекет тагынууну ырчылардын арасынан мен баштадым окшойт. Тагынып жүргөнүмө бир жыл болду. Жакшы жыйынтыкка жетиш үчүн аягына чейин чыдап салып жүрөйүн деп жатам", - дейт ырчы.

15:26. "Азыркы актрисалардын ичинен Рахат Божокоеванын талантын баалайм", - дейт ырчы.

15:30. Учурда Асема Токтобекованын өзүнүн ата-энеси тартылган клиби көрсөтүлүүдө.

15:34. "Кайын журтум жөнүндө көп суроо берилбешин каалайт элем. Чыгармачылыкка үй-бүлөнү аралаштыргым келбейт", - дейт ырчы.

15:37. "Чыгармачылыкта өзүмдүн күйөрмандарым бар. Эч кимди мени ук, көр деп кыйнабайм", - дейт ырчы окурмандын ырчылык таланты тууралуу айткан сынына.

15:40. "Жолдошум экөөбүз урушабыз, талашабыз, таарынышабыз. Бирок бири-бирибизди сүйөбүз, бактылуубуз", - дейт Асема Токтобекова.

15:46. Суроо: Кайненеңиздин кайсы сапаттарын сиңирип алдыңыз?

Жооп: "Апамдагы баалаган нерсем - чыгармачыл адамдардын өмүр баяны тууралуу билгени. Апам билими күчтүү, дипломаттыкындай мүнөзү бар. Бирок мен бир адамды туураганды жаман көрөм".

"Мен тарткан тасмаларга жолдошум продюсерлик кылат, чогуу жүрөбүз, кызганбайт", - дейт ал.

15:49. "Үй-бүлөлүү эркек адамдарга караганда, бойдок жигиттер менен иштешүү жеңилирээк. Үй-бүлөлүү эркектердин жубайлары шек санай берет", - дейт ырчы.

"Менин көңүлүмдү акча көтөрөт. Акчаны көрсөм, "уф" деп калам", - дейт Асема Токтобекова.

15:55. Актриса: "Жакында "18+" деген тасма тартабыз, даяр болгула, мен даярмын", - деп билдирди.

16:06. "Душман ийгиликтүү ар бир адамда бар болушу керек. Менин душмандарым бар. Алардын атын атап кереги жок", - дейт ырчы.

16:15. "Мен көк бетмин. Бирок жолдошум бир нерсе суранса, бул сапатым калат", - деди ырчы.

16:33. Асема Токтобекованын SUPER.KG`нин түз эфириндеги маеги жыйынтыкталды.


кошулду
Ырчы, актриса Асема: "18 жаштан жогоркулар үчүн тасма тартам"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Isco23
2017-10-11 16:18:13
Омеееееей,асема эже коюнуздар))18+ биздин менталитеткк туура келюейт,создо калып кетесиз
+5
Azatbek83
2017-10-11 16:18:37
ХХХХ.Асема молодцы +18 кутом.
-2
doping1
2017-10-11 16:18:53
Саламатсызбы +18кино тартканга даярын
Кудайга жагат беп ойлойсунбу?
+7
doping1
2017-10-11 16:30:24
doping1,айтотат кудайга жакпаган нерсени кылбаш керек деп
Анан
18+кино тартканын кудайга жагат деп ойлойсунбу десем
Кудай менен чайлашкан эмесмин дейт
Нерв(((
+10
Nurmat92
2017-10-11 16:25:55
Кастинг болобу?
+2
Shaiyrym
2017-10-11 16:38:38
Асема эже, сизди аябай жакшы кором. Балким, апакеме окшоштурганым учундур.
Негизинен эле канча окшошунуз бар, же сизди тааныбай, кимдир бироого окшоштурган адамдар болгонбу?
0
tuki
2017-10-11 16:49:37
Админ сураныч жанагы логикага жооп бердиби Асема баарын коргонго жетишпей жатам
0
Davlet1994
2017-10-11 17:03:00
+18 кино тартсаныз сизге Аллах озу жетиштуу.
+3
Adilet_adi
2017-10-11 17:13:31
+18 мен ойлогон нерсе болсо, анча месго бунунар
0
yrchy_jigit
2017-10-11 18:16:41
Батыраак тартсын,корсо коройлу ))) Асеманын фигурасын )))
0
ainur78007
2017-10-11 19:10:40
18ден жогору 18+дебептирго,дароо эле жаман ойлойсунар Асема андай кино тарта турган айым эмес.+18деп турбайбы.плюс алдында демек комедия жанрнда болсо керек.
+3
JaneEr
2017-10-11 19:36:13
Негизгиси ыйманга,адепке тарбиялай турган кино болсо сонун болмок)
+2
Ma9
2017-10-11 19:39:49
кино баардыгы сумсак тузу жок тамак жегендей болосун кино тартпай башка режиссёордун киносунда ойносо болмок актирисалык жагы кучтуго
+1
aruuzatmeka
2017-10-11 19:44:06
Ата энени сыйлап урматтоого уй булого бекем болууга тарбиялаган кино тартсаныз жакшы болмок андан коро
0
Nazaroff1974
2017-10-12 03:38:10
Эй эмне бугун,баары эле ХХХХ комментарийлер жазылган?Ой келди жаза беришиптир го..
-1
Paolo
2017-10-12 03:58:47
Не надо 18+ азыр и так хватет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан