ИИМ Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгына күбө болгондордон маалымат берүүнү өтүнүүдө

ИИМ Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгына күбө болгондордон маалымат берүүнү өтүнүүдө. Бул тууралуу республикалык Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Медер Шабданов 11-октябрда SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, кырсыкты калыс иликтөөгө алуу үчүн жол кырсыгына күбө болгондордон маалымат алуу керек болууда. Эгерде күбө болгондор болсо, 0555 12 37 37, 0553 29 26 26, 0312 63 09 01 номурларына чалып маалымат берип койсо болот.

Эскерте кетсек, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү эртең менен Талас облусуна баратып Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө жол кырсыгына кабылып каза тапкан. Вице-премьер менен кошо жанында бараткан айдоочусу менен жардамчысы да каза болгон.

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kyrgyzka96
2017-10-11 19:21:40
Урматуу super.kg Ушул ДТП боюнча толук туура маалымат бериниздерчи сураныч! Анткени бул ДТП болгон убакта бут эле СМИ лерге Сузгон камаздын водители камазында жалгыз болгон жанында Эчким болгон эмес деп маалымат берилген эле. Андан 2 кун откондон соң камаздын водителинин жанында пассажир пайда болуп калды? Ошондо ДТП учурунда камаздагы пассажир баланы ошол убакта эч ким көргөн эмесби? Андай болушу мүмкүн эмес эле. Толук маалымат берүүнүздөрдү өтүнөм!
+2
aminkaerke
2017-10-11 19:41:56
Жаткан жери жайлуу болсун!Балким атайын жасалгандыр аварияны шылтоо кылып.....кимдир бироолор...
0
Talastan
2017-10-11 20:08:14
Көргөн билгендер болсо кандай болгонун,барып көрсөтмө берип койгула да камаздын шопуру жаш экен бейкүнөө кетип калбасын соттолуп,мүмкүн виценин шопуру катуу ылдамдыкта бара жаткандыр,жолдун каршы тилкесине чыгып. Бул менин жеке оюм.
+6
KGstan1981
2017-10-11 20:09:50
Эмне этесинер куболорду издеп Атамбаев башынан эле камаздын шопуру кунолу деп айтпабыэлеби.Атамбаев эмне десе ошол болот.((((
+3
Jipasha78
2017-10-11 21:39:05
Корор куну,ичер суу тугонгондон кийин бандасина бир нерсе шылтоо болуп,кете берет.кам сут емген бандабиз ,алладан бейамир иш болбойт.дайыма бир байкушту куноолу кылып койобуз.
+1
Asyl10
2017-10-12 16:34:07
Jipasha78, эненин суту ыйык-кам сут деп эч убакта айтпаш керек. Кудай эненин сутун балага жагымдуу кылып жараткан. Балам кам сут эмбесин деп энелер сутун саап баласына кайнатып берсинби анан? Ким куноолуу болсо жазасын алыш керек. Анткени маркумдун артында балдары калды аталап :-( Жубайы калды жесир болуп жалдырап.
0
gulia90
2017-10-12 06:35:39
Өлдун очтун, а жашоо улана берет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан