Бабанов, Абдылдаев, Үмөталиева, Масадыков, Кочкоров террорчулук боюнча ойлорун билдиришти

Бүгүн, 11-октябрда КТРКда президенттикке талапкерлердин катышуусундагы теледебат уланууда. Бүгүнкү дебатка Улукбек Кочкоров, Өмүрбек Бабанов, Таалатбек Масадыков, Токтайым Үмөталиева жана Арстанбек Абдылдаев катышууда.

Анын жүрүшүндө талапкерлер террорчулук жана экстремизм тууралуу суроого жооп айтышты.

Токтайым Үмөталиева: "Террорчулук коркунучу бир гана буйруктар менен чечилбейт. Комплекстүү программа керек. Мисалы, бизде террордук уюмдардын тизмеси жок, экстремисттик китептердин тизмеси жок", - деп айтты.

Таалатбек Масадыков: "Террорчулуктун өсүшү - глобализациялоонун жыйынтыктарынын бири. 6 миллион калкы бар Кыргыз өлкөсү үчүн террорчулук менен жалгыз күрөшүү оор. Бизге туура тышкы саясат жүргүзүү керек. Мындан тышкары күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин турак жай менен камсыздаш керек. Террорчулук менен күрөшүүдө коңшу өлкөлөр менен чогуу иштеш керек", - деген оюн айтты Масадыков.

Улукбек Кочкоров: "Террорчулук бир гана күч органдарынын маселеси эмес. Террорчулар кайдан келип жатышат? Ушул суроого жооп издеш керек. Мамлекет социалдык маселелерди чечпей жатат. Сот адилеттүү чечимдерди чыгарбай жатат. Мындан улам адамдар террорчулук кылып, Сирияга кетип жатышат. Адилеттүүлүккө ишеним жоготуп, согуш болгон жерлерге жөнөп кетишүүдө", - деди Кочкоров.

Өмүрбек Бабанов: "Террорчулук ыңгайлуу шарттар түзүлгөн жерде өнүгөт. Эгер өлкө жакыр болсо, террорчулук өсүү коркунучу болот. Ошондуктан экономиканы өстүрүш керек. Укук коргоо органдарына кесипкөй адамдар келиш керек. Оппозиция өкүлдөрү менен күрөшпөй, өзүнүн милдеттерин аткарыш керек. Мындан тышкары “Коопсуз мамлекет” программасын ишке ашырыш керек", - деди Бабанов.

Арстанбек Абдылдаев: "Террорчулук динден пайда болуп жатат. Кыргызда диний фанаттар болбосо, террорчулар болбойт", - деген оюн билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан