Президенттикке талапкерлер жумушсуздук менен кантип күрөшөрүн айтышты

Бүгүн, 12-октябрда президенттикке талапкерлер ортосундагы теледебаттардын акыркы туру өтүүдө. Ага талапкерлер Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Арсланбек Малиев катышууда. Сооронбай Жээнбеков телетаймашка келген жок.

Талапкерлер жумушсуздукту кантип азайтуу керектигин айтып жатышат. Темир Сариев инвестициялык климатты жакшыртмайынча өлкөдө жумушсуздукту азайтуу мүмкүн эместигин айтты. Арсланбек Малиев каржы экономикалык саясатты жакшыртып, санариптик экономикага өтүү керектигин билдирди. Адахан Мадумаров өлкөдө бул тармак кароосуз калганын, ири долбоорлордо Кыргыз жарандарынын ордуна кытайлар иштеп жатканын белгиледи. Азимбек Бекназаров завод-фабрикаларды курмайынча иш орундарын көбөйтүү кыйын деген пикирде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан