Азимбек Бекназаров: "Кыргыз мамлекети өзүн коргоого жөндөмдүү болушу зарыл"

Бүгүн, 12-октябрда президенттикке талапкерлер ортосундагы теледебаттардын акыркы туру өтүүдө. Ага талапкерлер Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Арсланбек Малиев катышууда. Сооронбай Жээнбеков телетаймашка келген жок.

Талапкерлер коопсуздук маселеси боюнча ойлорун айтышууда.

Азимбек Бекназаров тышкы саясатта Кыргыз мамлекети бейтарап позицияны карманышы керектигин, өз коопсуздугун өзү коргой ала турган деңгээлге жетиши зарылдыгын айтты.

Адахан Мадумаров өлкө коңшу өлкөлөр менен аскердик уюмга мүчө болуп, бирок дайым өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюшу кажет экенин билдирди.

Арсланбек Малиев да Кыргыз мамлекети эл аралык аскердик уюмдарга мүчө болгону туура деп эсептейт.

Темир Сариев да ушундай эле пикирде. "Биз эмес, күчтүү мамлекеттер жалгыз күрөшө албай турганын айтып уюмдарга кайрылып жатышат", - деди талапкер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан