Азимбек Бекназаров президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу ал КТРКдагы теледебат учурунда билдирди.
"Мен президенттик жарыштын финалдык бөлүгүнө катышпоону чечтим. Жарыштын финалдык бөлүгүндө 15-октябрь күнү таразага акча менен бийлик коюлуп жатат. Ошол себептен мен өз талапкерлигимди алып салып, финалдык бөлүккө катышуудан баш тартам", - деди Бекназаров.
"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" Конституциялык мыйзамга ылайык, талапкер өз каалоосу менен шайлоого катышпай тургандыгы тууралуу арызы менен БШКга кайрылууга добуш берүүгө 3 күн калганга чейин гана укугу бар.
Эске сала кетсек, буга чейин катталган 13 талапкердин ичинен Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев президенттик жарышка катышуудан баш тартышкан.