КҮНСЕРЕП: Атамбаев Борбордук Азияга революция алып келе алабы?

Бүгүн, 13-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

10-октябрдан тарта Кыргыз мамлекетинен Казакстанга өтүп жаткан унаалар жана адамдар күчөтүлгөн тартипте текшерүүгө алынууда. Мындай кырдаал түзүлгөн күндүн эртеси 11-октябрда премьер-министр Сапар Исаков Сочиде Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат бергени айтылган. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы бул сүйлөшүүлөрдөн кийин Нурсултан Назарбаев казак өкмөтүнө чек арада жаралган бардык маселелерди чечүүнү тапшырганын билдирген. Аталган кабар мамлекеттик маалымат каражаттары аркылуу кеңири таратылып жатты.

Андан кийин Кыргыз-Казак чек арасында жарандарды өткөрүү процесси чын эле бираз тездетилгени байкалган. Бирок мындай жылыш бир түнгө гана созулду. Эртеси текшерүү кайра күчөтүлүп, азыркыга чейин абал калыбына келе элек. Кызыгы, казак тарап "Нурсултан Назарбаев менен Кыргыз премьер-министринин ортосунда сүйлөшүү болгон эмес, Исаков Назарбаевге басып барып кыска убакытка маектешкен", - деп билдирүү таратып, өлкө ичинде да, эл аралык аренада да Кыргыз өкмөт башчысын жана анын командасын “ыңгайсыз” абалга койду. Расмий Астана чек арадагы кырдаалды Кыргыз президентинин "шайлоо учурунда массалык баш аламандыктар болуп кетиши мүмкүн” деген кебинен кийинки өз өлкөсүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатындагы “пландуу операция” деп түшүндүрдү. Атамбаевдин Казак бийлиги тууралуу айтылган сөздөрүн социалдык тармактарда коңшу өлкөнүн эли колдоого алып, талкуулар күч алды. Кыргыз өлкөсүндө демократиялык шайлоо аркылуу президент бир мөөнөт менен алмашканы жатканы коңшу авторитардык өлкөлөрдүн лидерлерин катуу чочулатууда.

Сапар Исаков менен болгон окуядан кийин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Баткенде аскер кызматкерлерине үй тапшыруу аземинде Казак жетекчилигине кезектеги нааразычылык салам-дубайын жолдоду. “Чет элдик байлар, чет элдик бийлик акчасы менен өзүнүн бир шестёркасын таңуулап жатат. 3 миң жылдык тарыхы бар эл 3 күндүк блокададан коркпойт, бирөөлөрдүн шестёркасын эч качан шайлабайт”, - деди өлкө башчысы. Ошондой эле ал кошунанын үйүн өрттөп салууну эңсеген адам учкундар өз үйүн капташы мүмкүн экенин унутпаш керегин эске салды.

Ошентип, казак тарапка өз стилинде жооп узатууну максат кылган өлкө башчысы ушул эле сөздөрү менен шайлоо мыйзамдарын бузуп, бир талапкерге каршы үгүт жасады. Алмазбек Атамбаев бир кезде Өмүрбек Текебаевди "бир буту менен бийликте, бир буту менен оппозицияда талтайып турат" деп сындаган. Өлкө башчысынын бүгүнкү абалы дал ошондой картинаны элестетет. Ал Кыргыз мамлекетин Борбор Азиядагы жалгыз демократиялык өлкө катары көрсөтүүгө аракет кылганы менен ошол эле маалда бир буту менен бийликтин оппоненттерин басмырлап, тебелөөдө. Эмоцияга алдырыппы же атайылаппы, бийликке каршы талапкерлерди “шестёрка” деп атап басмырлаганы, бийликтин талапкерин мактаганы, бул аракеттери аркылуу шайлоого таасир этип жатканы аны демократ-президент катары көрсөтпөйт. Кыскасын айтканда, өлкө башчысы чыныгы демократ катары бардык талапкерге бирдей мамиле жасап, бирдей шарт түзүп берип, ачык-таза шайлоо өткөрүп бүт дүйнө жүзүнө, айрыкча коңшу өлкөлөргө үлгү көрсөтүүсү керек. Болбосо анын демократия тууралуу сөздөрү жакынкы күндөрү бүткүл маанисин жоготот.

Бул арада кыргыз-казак чек арасында көп чакырымдык унаа тыгыны жаралып, жарандар, ишкерлер жабыр тартууда. Кыргыз өкмөтү азырынча чек арада чатыр тигип, даараткана койдуруудан башка арга таба элек...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан