Феликс Кулов президенттин талапкерлердин бирине үгүттөгөнү туура эместигин айтат

Мурдагы депутат Феликс Кулов Борбордук шайлоо комиссиясынын президенттин талапкерлердин бирин колдоп сүйлөгөнү боюнча арызды четке какканы мыйзамсыз деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда маалымат жыйында билдирди.

Ал билдиргендей, Конституцияга ылайык, шайлоо маалында президент өз партиясы менен байланышын токтотууга милдеттүү. Кулов президент Алмазбек Атамбаев ачык эле президенттикке талапкерлердин бирин колдоп жатканын баса белгиледи.

Эске салсак, активист Адил Турдукулов президент талапкерлердин бирин колдоп жатканын айтып БШКга арыз берип, президенттик аппаратка же Сооронбай Жээнбековдун штабына эскертүү берүүнү сунуштаган эле. БШКнын жумушчу тобу президент кол тийбестик макамына ээ экенин негиз кылып, активисттин арызын канааттандырган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан