Темир Сариев: "Баарыбыз бактылуу жашоону каалайбыз. Ал жашоону тандоо - өз колубузда"

- Ардактуу мекендештер, калайык-калк!

Жекшемби күнү биздин алдыбызда өлкөнүн жаңы президентин тандоо вазийпасы турат. Шайлоо кампаниясынын алкагында өлкөнүн булуң-бурчун кыдырып, жүздөгөн жолугушууларды өткөрүп жатып, бизге кандай президент керек экендигин даана билдим.

Кыргызстанга чынчыл, чечкиндүү, тажрыйбалуу жана кеменгер президент керек.

Кыргызстанга коммерсант-чайкоочунун же жеке бизнеси менен саясатты аралаштырып алган президенттин кереги жок.

Бизге жарандарынын кызыкчылыгын өлкө ичинде жана сыртында коргой албай турган алсыз президент керек эмес. Биздин элге иштегендин ордуна биринин артынан экинчи катачылыкка жол берген тажрыйбасыз президенттин кереги жок.

Бүгүн, баарыбыз көрүп турабыз, президенттикти самаган айрым саясий күчтөр ар кандай ыплас оюндарды жүргүзүүдө. Жеке кызыкчылыгы үчүн алар коомдун коопсуздугу менен туруктуулугун да курман чалууга даяр экен. Алар президенттик кресло үчүн биздин улуттук кызыкчылыктарыбызды алмашып жиберүүдөн баш тартпачудай болуп турат. Буга жол берилбеши керек. Кыргызстанга – мекенчил, өз жанын өлкө кызыкчылыгы үчүн берүүгө даяр президент керек.

Кыргызстандагы тынчтык жана бейпилдик - келечек президент ишеним байлай турган бирден бир башкы баалуулук. Жумушчу орундарын түзүү, пенсия менен маяналардын көлөмүн жогорулатуу, билим берүү менен саламаттыкты сактоону өнүктүрүү – келечекте президенттин негизги жасай турган милдеттери.

Менин программам так ушуга арналган. Ушул багыттарда иш алып барганга кесипкөй командам жана реалдуу пландарым бар.

Кадырлуу кыргыз элим! Урматтуу мекендештер!

15-октябрда шайлоо участкасына сөзсүз келип, өзүңүз татыктуу деген талапкерге добушуңузду бериңиз. Талапкердин жеңүү мүмкүнчүлүгү канчалык экени маанилүү эмес. Сиз Кыргызстанга кандай президент керектигин көрсөткөнүңүз маанилүү.

Биз баарыбыз - Кыргызстандын элибиз. Баарыбыз бактылуу жана татыктуу жашоону каалайбыз. Ошону менен бирге эле келечек жашообузду тандоо - өзүбүздүн колубузда.

Биз бирге сөзсүз жеңебиз!

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин PR-кызматы тарабынан даярдалды.
Дареги: Бишкек ш, пр.Манас, 40. Даярдалган күнү: 13.10.2017. Нускасы: 1 даана.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин буйругу менен шайлоо фондунан (р/с 1299007890000328) каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Б.Мусаев тарабынан төлөндү.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан