"Сапар Исаков Өмүрбек Бабановго каршы дезинформациясы үчүн отставкага кетиши керек"

Бүгүн массалык маалымат каражаттарында өкмөт башчы Сапар Исаковдун Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында Орусия Федерациясынын ички иштер министрлигинин телеграммасы делгенге таянып “Кыргызстандын президенттигине талапкердин оң колу К.Абылкасымов унаасындагы багажникке салынуу 25 миллион доллар менен кармалды” деп айтканы боюнча маалымат жарыяланган.

Өмүрбек Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиевдин айтымында, Сапар Исаков тарабынан айтылган бул маалымат дезинформация жана ал үчүн премьер-министр отставкага кетиши керек.

“Өкмөттүн шайлоо процессине кийлигишүүсү премьер-министр Сапар Исаковдун президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы дезинформация таратканга чейин жетип калды. Андай уятсыз калпы, дезинформациясы жана шайлоо процессине түздөн-түз кийлигишип жатканы үчүн Сапар Исаков бүгүн отставкага кетиши керек”, - деди Мирсулжан Намазалиев.

Намазалиевдин маалыматы боюнча, Кайсар Абылкасымов Алматыда ата-энесинин жанында. Ал жакта кыздары орто мектепте окуйт. “Абылкасымов эч качан талапкердин оң колу болгон эмес жана шайлоого да катышпай жатат”, - деди Намазалиев.

Премьер-министрдин маалыматы алгач айрым массалык маалымат каражаттарына чыгып, кийин өчүрүлгөн.

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т. Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э.
Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 13.10.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан