Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт кампаниясы аягына чыгып бара жатат.
Талапкер өз үгүт кампаниясын Кыргызстандын географиялык борборунан, курулуп жаткан Түндүк-Түштүк жолунун Жумгал районундагы участогунан баштаган. Андан соң ал өлкөнүн бардык облустарын жана райондорун кыдырып чыкты.
Бир айдын ичинде талапкер Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушуп, аларга программасын айтып берип, каалоо-тилектерин жана кеңештерин укту. Сооронбай Жээнбеков кай жерге барбасын, кыргызстандыктардын колдоосуна жана батасына ээ болуп жатты. Шайлоочулар Сооронбай Жээнбеков менен биргеликте туруктуулукту жана башталган бардык оң реформалардын улантылышын тандап жатышкандыктарын белгилешти.
Жээнбековдун шайлоо алдындагы үгүт иштери бүгүн, 13-октябрда Бишкекте жыйынтыкталат.