Сооронбай Жээнбековдун бейнеси: атанын уулу, ишеничтүү дос, зирек жетекчи

Президенттикке талапкерлердин кѳч башында турган Сооронбай Жээнбеков менен мектепте, студенттик мезгилде чогуу окуган классташ, группалаштарынын, мугалимдеринин, спорттук машыктыруучуларынын пикири коомчулук үчүн кызыгуу жаратаары шексиз.

Ушул жерден бир маанилүү жагдайга токтоло кетели. Сооронбай Жээнбековдун атасы Шарип ата элге-журтка таанымал, сөөлөттүү, интеллектуалдык деңгээли бийик, адамгерчиликтүү адам болгонун замандаштары айтып жүрүшѳт. «Аккан арыктан суу агат» демекчи, Шарип атанын берген акыл-насааты, тарбиясы, көрсөткөн үлгүсү менен чоңойгон уулдарынын баары ыймандуу, алдым-жуттумдуктан алыс болуп калыптанышты.

Элиталык мектепте окуган

Сооронбай Жээнбеков мектеп босогосун 1966-жылы аттаган. Биринчи мугалимдери Татьяна Петровна менен Нина Трофимовна биздин башкы каармандын билим дүйнөсүнө гана жолун ачпастан, орус тилине болгон кызыгуусун, умтулуусун да арттырган. Мунун натыйжасы катары ал мектепти аяктагандан кийин бир жыл Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштегенин белгилей кетели.

Сооронбай Жээнбеков мектеп партасында жүргөндө эле лидерлик сапаты менен айырмаланып келгенин анын классташтары айтып келишет. «Биздин класс элиталык болчу, чоңдордун балдары окушчу. Бирок, Сооронбай жөнөкөй эле. Ошондо эле лидерлик жагы күчтүү болчу», - дейт классташы Советбек Жунусов.

“Топту чапканда жарылып кеткендей болчу...”

Сооронбай Жээнбеков бала кезинен спортко ынак чоңойгон. Анын бала кездеги досторунун айтымында, анда командалык намыс ошол убагында эле күчтүү болгон. Ал өзгөчө улакты өтө жакшы тартчу. Улак тартыш эр жүрөктүүлүктү, шамдагайлыкты талап кылган чыныгы жигиттердин оюну болуп саналарын жакшы билебиз.

Улак тартыштан сырткары мектепте волейбол менен да тынбай машыккан. Волейболду өтө жакшы ойногондуктан, мектептеги команданын капитаны болгон. Ошол командасы менен ал облустук таймашка чейин барып, жеңиш менен кайтканын классташтары жана машыктыруучусу дале эстеп келишет. “Бою узун болчу. Уюштуруучулук жагы бар эле. Бир дагы машыгууну калтырчу эмес. Дайыма убагында келип, дилгирлик менен машыкчу. 1975-жылы Ош облустук спартакиада ѳтүп, ошондо чемпион болуп кайтышкан. Команданын капитаны болчу”, - дейт машыктыруучусу Маман Исмаилов.

Ал эми аны менен командада чогуу ойногон классташы Абдымамат Тайиров: “Сооронбай Жээнбеков топ чапканда жарылып кеткендей эле болчу”, - деп эскерет. Анын айтымында, волейбол боюнча таймаш менен Кочкор-Атага барып, жеңиш менен келишкен.

Курсташтарына таяныч, лидер болгон

Студенттик күндөр – жаштык илеби алоолонгон, романтикалуу учур эмеспи. Сооронбай Жээнбеков 1-курстан тарта эле лидерлик сапатын, уюштуруучулук жөндөмүн көргөзө алган. “Институтта жаштарды анча-мынча басынтмай бар эле. Кичүүрөөктөрдү уруп да коюшчу. Дүкөнгө, аркы-берки жакка жумшап коюшар эле. Казармадагыдай жашоо, жатакана. Соке ошондо бизди бириктирип, жогорку курстагыларды чакырып, булар дагы болочок зоотехниктер деп тааныштырчу. Өзү спортко жакын, келбеттүү, узун бойлуу, волейбол боюнча курама командага ойночу. Албетте, укпай коюу мүмкүн эмес эле, баарыбыз угуп турчубуз”, - дейт курсташы Таалайбек Турдубаев.

“Ошондо эле лидерлик, уюштуруучулук сапаттары байкалчу. Бизден 2-3 жаш улуу болгондуктан, баш-көз болуп турчу. Тажрыйбасын ортого салып, билбегенибизди үйрөтчү. Ойлоп көрсөм, бизди ошондо туура багытка салып турчу экен”, - деген дагы бир курсташы Турсунбек Бакиров. Ал Сооронбай Жээнбеков менен чалгынга да коркпой бара турганын, себеби, ал эч качан жалгыз таштап кетпесин, башкалар качса да, ал качпай тургандыгын, достукка бекемдигин кошумчалады.

“Бул үйдүн ууру чөнтөгү жок”

Сооронбай Жээнбеков жогорку окуу жайын аяктагандан кийин эмгек жолун Кара-Кулжа районундагы “Совет” совхозунда баштаган. Беш жыл башкы зоотехник болуп иштеген. Андан соң партиялык кызматтарды аркалаган. Ал эми 1991-жылы май айында Ульянов совхозунун директору болуп дайындалган. Көп өтпөй СССР ыдырап кетет. Ошол убактагы кесиптеши Токтомамат Каденов союз ыдыраганда алар иштеп турган совхоздогу 7 миңге жакын чарбанын мүчөлөрү өз үлүштөрүн, малды, техниканы адилет, бирдей бөлүштүрүп алышканын эскерет. Мунун баары Сооронбай Жээнбековдун жетекчи катары адилет, акыйкат экенинен кабар берет. Башка совхоздордун башкармалары гектарлаган жерлерди, жүздөгөн малдарды жана кызматтык автоунааларын өздөрүнө менчикке чыгартып алышканын жакшы билет эмеспизби.

“Ульянов” совхозунда чогуу иштеген кесиптеши, бир жагынан классташы Абдымамат Тайиров: “Адал, таза иштейт. Бул үй-бүлөнүн ууру чөнтөгү жок. Ал келгенде жел козу, кошуп жазуу деген жоголгон. Интригага аралашпайт. Бирөөнү каралабайт”, - деген баасын берди.

20 жыл мурда берилген баа

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жогорку кызматтарга келе электе эле анын ишбилги жетекчи экендигине таасын баа бергендер болгон. Маселен, архивдердин биринде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Мамады Байимбетов: “Сооронбай Жээнбеков – карапайым элден чыккан чарба жетекчиси. Карапайым адамдын көйгөйү, кубанычы ага жат эмес, Жээнбеков чарбанын бардык участкаларында жетекчилик орунга жарайт”, - деп 1997-жылы эле жазган экен.

Андан бери жыйырма жыл өтүп, Сооронбай Жээнбеков улам кызматтык тепкичтер менен көтөрүлүп отуруп, премьер-министрлик кызматты да өтө жогорку деңгээлде аркалады. Демек, Байимбетов агайыбыз мугалим катары, болгондо да чыгаан мугалим катары өзүнүн таасын көрөгөчтүгүн ошондо эле айтып койгон тура. Мына ушундай баардык тепкичтерди татыктуу басып ѳткѳн, мамлекет, эл үчүн таза иштеген

Сооронбай Жээнбеков алдыда президент катары Кыргызстанды мындан ары ѳнүктүрүү вазыйпасын аркалашы гана калды. Элдин күткѳнү да ушул...

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 13.10.2017-ж.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан