Бүгүн, 15-октябрь өлкөдө президенттик шайлоо күнү. Өлкөдө саат 08:00гө карата бардык добуш берүү тилкелери ачылып, шайлоочулар келе башташты. Бишкектеги №1327 шайлоо тилкесинин ачылышында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаӊырып, алгачкы жаран добушун берди.
Ал эми №1262 шайлоо тилкесине аскерлер топтолуп добуш бергени келишти. Добуш берүү тилкелериндеги абалга укук коргоо органдарынын жана элдик кошуундардын өкүлдөрү көз салып турушат.