Атамбаев Ошто журналисттин сабалышы тууралуу: "Журналисттер, силер да объективдүү болгула"

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-октябрда шайлоо тилкесинде журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Өлкө жетекчисине телеканалдардын биринин Ошто жүргөн журналистин белгисиз бирөөлөр сабап кеткени тууралуу суроо берилди.

Президент: "Мындай окуя боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөр жазаланышы керек. Бирок аталган телеканалдын кандай маалыматтарды таратып жатканы да белгилүү. Жалаӊ каралоо, ыплас маалыматтар. Журналисттер, силер да объективдүү болгула", - деди.

Алмазбек Атамбаев: "Эл президенттикке кимди шайлай турганын өзү чечсин"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан