Мен өзгөрүү үчүн добуш бердим. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарындагы №1216-шайлоо тилкесинде добуш берүү учурунда билдирди.
"Бүгүн маанайым абдан жакшы. Мен бүгүн өлкөбүз тез өнүгүп жаткан 10 өлкөнүн катарына кириши үчүн өзгөрүү болсун деп добуш бердим. Пенсионерлер, мугалимдер, жөнөкөй жарандар, чиновниктер татыктуу айлык маяна алсын, элибиз баары иш менен камсыз болуп, чет өлкөдө иштеп жүргөндөр үйлөрүнө кайтып келсин деген максат менен добуш бердим", - деп билдирди Бабанов.
Эске салсак, буга чейин Өмүрбек Бабанов үй-бүлөсү менен Бишкек шаарындагы №1216-шайлоо тилкесинде добуш берген.
Өлкөдө бүгүн президенттик шайлоо өтүүдө.