"Омск шаарындагы базарда соода кылгандардын 60 пайызга жакыны Кыргыз жарандары, бирок эч ким президенттик шайлоого добуш бере алган жок", - деп маалымдады бүгүн, 15-октябрда SUPER.KG порталынын окурманы WhatsApp аркылуу.
"Мисалы, биз бир үйдө 5 бир тууган кыргыздар жашайбыз. Бешөөбүз тең шайлоого катыша алган жокпуз. Анткени бизге буга чейин эч кандай маалымат берилген жок, шайлоо тилкеси да ачылган эмес", - деп жазат окурман.
Ал маалымдагандай, кыргыздардын көбү базарда, курулуштарда иштеп саны 2000ден ашат.
"Базардагы мекендештерибизден эч ким шайлоого барган жок. Буга себеп шаарга шайлоо тилкесинин ачылбагандыгы жана маалыматтын жетишсиздиги, учурда биз күндөгүдөй эле базардагы жумушубузду улантып жатабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.