Медиа-порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө "Эки буттуу торпок" деген аталыштагы видео жүктөлгөн (Ник: Englishman).
Жүктөлгөн видеодон эки буттуу торпокту көрүүгө болот. Видео качан жана кайда тартылгандыгы тууралуу так маалымат жок. Интернет колдонуучулар бул видеону талкууга алып өздөрүнүн пикирлерин жазышкан. Айрымдары жаныбарды кыйнабай уктатуу жолу менен өлтүрүш керек экендигин айтышса, кээ бири жаныбардын бул кемчилигине карабай багып жаткан ээлерине ыраазычылыктарын билдиришкен.
Мындан сырткары көптөгөн колдонуучулар ага жасалма бут жасатып берүүгө даяр экендиктерин айтышкан. Бирок жаныбарларды коргоо боюнча уюмдардын өкүлдөрү, бул жаныбар тубаса эки буту жок туулгандыктан ал өзүн өзү багууга жарабастыгын айтып, уктатуу жолу менен өлтүрүш керек экендигин билдиришкен.
Видеону көрүү үчүн бул жерди басыңыз.