КҮНСЕРЕП: Шайлоонун алдын ала жыйынтыгында Жээнбеков утту. Коррупция менен күрөштү Бабановдон баштайбы?

Бүгүн, 15-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн эгемендүү Кыргыздын тарыхында жазыла турган окуя – президенттик шайлоо өттү. Бир айдан ашык убакыттан бери аймактарды кыдырып, элден колдоо издеген талапкерлер "жөжө санап" жатышкан маал. Анткени 20:00дө өлкө аймагында шайлоо тилкелери жабылып, добуштар саналууда. БШКнын маалыматына таянсак, саат 20:50дөгү добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков 54,6 пайыз добуш алуу менен алдыда баратат. Экинчиде 33,84 пайыздан ашыгыраак добуш менен Өмүрбек Бабанов, үчүнчүдө 6 пайыздын тегерегиндеги добуш менен Адахан Мадумаров баратканы белгилүү болду. Шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күндүн ичинде жарыяланат. Ошентип президенттик шайлоо бир тур менен жыйынтыктала турган болду. Мыйзамга ылайык, 2-тур талапкерлердин эч бири 50 пайыздан ашык добуш ала албаган шартта гана жарыяланат. Аймактар боюнча алганда, Сооронбай Жээнбеков Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Ысык-Көл облустарынан утууда. Ал эми Бабанов Талас жана Чүй облустары боюнча Жээнбековдон көп добуш алганы белгилүү болду.

Жарышка башында 13 талапкер чыккан, ортодо Камчыбек Ташиев менен Бакыт Төрөбаев өздөрү колдогон башка талапкерлердин пайдасы үчүн жарышка катышуудан баш тартышып, бүгүн 11 талапкерге добуш берүү жүрдү. Үгүт жүргүзүүдө негизинен Өмүрбек Бабанов менен Сооронбай Жээнбеков алдыда баратты. Жолугушууларда дал ушул 2 талапкер башкаларга караганда элди көбүрөөк топтоп, көрнөк-жарнактар, пиар үчүн миллиондорду чачышты. Компроматтар согушу, бири-бирин эл алдында сындап-каралоо аракети да эки талапкердин ортосунда кызыды. Интернет басылмаларда, социалдык түйүндөрдө шайлоого карата жүргүзүлүп жаткан сурамжылоолордо Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин тандеми, Сооронбай Жээнбеков, Адахан Мадумаров, Темир Сариев алдыда баратты. Ошондуктан бийликтин талапкери Жээнбеков менен жаш, акчалуу, амбициялуу пландары менен элди кызыктырган Бабановду "негизги атаандаштар" деген көз караш калыптанды. Андыктан коомчулукта бул шайлоодо идея, программалардын эмес, байлык менен бийликтин күрөшү жүрөт деген пикир көбүрөөк айтылып, ал ойду Мадумаров, шайлоого 3 күн калганда жарыштан баш тарткан Азимбек Бекназаров өңдүү талапкерлер күчөтүштү.

Мындай пикирлердин жөнү бар. Үгүт башталгандан тарта мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар шайлоо мыйзамдарына каршы бир талапкерди жектеп, сындап, ат коюп мазактап, ошол эле маалда Атамбаевдин жолун улантуучу”, “стабилдүүлүктү улантуучу” деп атап бийликтин талапкерин колдоого алып жатышты. Мындай көрүнүш шайлоо күнүндө да уланды. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, президент жана мамлекеттик кызмат жетекчилери кайсы бир талапкерге жан тартып, анын башкалардан артыкчылыгын айтып элге чакырык таштабашы керек. Ошондой эле кайсы бир талапкерге каршы үгүт да жүргүзбөөсү керек. Бирок вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиев, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, премьер-министр Сапар Исаков, мамлекет башчы Атамбаев КСДПнын талапкери Жээнбековду колдоого алып, анын башкы атаандашы болуп турган Бабановдун жана айрым учурларда дагы бир талапкер Темир Сариевдин дарегине сын жаадырып жатышты. Алмазбек Атамбаев бүгүн шайлоо учурунда да Бабановду "Назарбаевдин "шестёркасы" деп атап, Жээнбеков тууралуу "биздин талапкер жеӊет деп ишенем" деген билдирүү жасады. Мындай учурлар БШКнын көз жаздымында калды.

Шайлоого 1 күн калганда көчмө урна аркылуу добуш берүү жүрүп, ден соолугунун айынан шайлоо күнү шайлоо тилкесине келе албагандар жана абактагы адамдар добуш беришти. "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамдын 33-беренесинин 10-пунктуна ылайык, жыйынтык шайлоо күнү, башкача айтканда, 15-октябрда, саат 20:00дөн кийин гана жарыяланууга тийиш эле. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыктары кечээ кечкисин, 14-октябрда эле жарыяланып, Сооронбай Жээнбеков ири айырмачылык менен алдыда баратканы көрсөтүлдү. БШК муну техникаларды текшерүү учурундагы мүчүлүштүк деп кутулду.

Бүгүн добуш берүүдөн соӊ журналисттердин суроолоруна жооп берген президент Алмазбек Атамбаев Казак бийлигин дагы бир жолу катуу айыптады. Кыргыз-Казак чек арасындагы кырдаал боюнча айтып жатып ажо 2-3 күндүн ичинде Казак тарап чек арадагы маселени жойбосо ЕАЭБдин башчыларынын жыйынын өткөрүүнү талап кыларын айтты. "ЕАЭБ мага Жорж Оруэллдин "Мал сарай" деген китебин эске салат. Билесиӊер, анда бир чочко "бардык жаныбарлар теӊ, бирок кээ бирлери теӊирээк" деп айтат. Эгерде союз болсо, анда бардык өлкөлөр бирдей шартта болушу керек", - деди президент. Бул сөздөрдөн улам теӊ ата мамиле болбогон соӊ "Мал сарайды" элестеткен ЕАЭБге эмнеге кирдик деген суроо жаралат.

2009-жылы Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев баштаган оппозиционерлер Бакиевдин экинчи мөөнөткө шайланганын тааныбай тургандыктарын айтып, "бул шайлоо эмес, алдоо" деп чыгышкан. Бүгүн Бабанов журналисттерди чогултуп шайлоо таза өтпөй жатканын, анын тарапташтары өлкөдө баш аламандык уюштурбай турганын, мыйзам чегинде гана эреже, мыйзам бузууларды каттап жатышканын, эгер баш аламандык орун алчу болсо анда ал УКМКнын аракети болушу мүмкүндүгүн билдирди. УКМК Бабановдун сөзү негизсиз деп жооп кылды.

Бабанов эмнеден жазды? Үгүт кампаниясы жүрүп жаткан маалдагы эки окуя "Республиканын" лидерине каршы иштеди. Чү дегенде эле интернетте эң көп талкуу болгон Оштун Он-Адырында сүйлөгөнү болду. Кийин ал сөзү "Бабанов улуттар аралык кастыкты козутту" делинип, оппоненти тарабынан, аны колдогон бийлик тарабынан кеӊири жайылтылды. Экинчиси Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу, ал жолугушуудан улам келип чыккан Кыргыз-Казак мамилесиндеги кризистик кырдаал болду. Мына ушул эки жагдай Бабановго каршы иштеди.

БШК тарабынан Бабановго 3 ирет “сары айып кагазын” берүү, күмөндүү видеожазуунун негизинде “жеӊилип калса баш аламандык уюштурмак” деп Бабановдун тарапташтарына кылмыш ишин ачып, Канатбек Исаевди камоо менен бийлик эртеӊки күн үчүн жакшы кам көрүп койду. Азыр Бабанов жана анын тарапташтарына жыйынтыктарга макул эместик билдирип, митинг, жыйын өткөрүү кооптуу. Ал адамдар “баш аламандык уюштурууга алдын ала даярдык көрүшкөн” деген негизде учурда камакта жаткан Исаевдердин катарын толуктап калуулары толук мүмкүн...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан